Меңди Мамазаированын айылга каты. Пушкиндин кыргыз эмес экенин укканда кайгырып...

Жазылуу
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл акыны, прозаик, драматург Меңди Мамазаированын айылга кат жазды

Коңур-Жазым!
Коюнуңда жашабаймын эбактан,
Айылдаштар мени, балким, унуткан.
А бирок да, сен жашайсың канымда,
Көздөн учуп, тоо-таштарың сагынткан!
Сен даркерсиң, сүрө турган күнүмө,
Сен дабаасың акыныңдын үнүнө.
Эртели-кеч элестейсиң тынбаган,
Энекемдин эрбеңдеген түрүнө! — деп жазган элем айылыма арнаган ырларымдын биринде. 

© Фото / из личного архива Менди МамазаировойМенди Мамазаирова (солдон акыркы): орто мектепти бүтүп, Фрунзе шаарына билим алууга бардым. Мына ушунда чындап сагынычка, кусага толгон каттар борбордон республиканын ар кайсы айылдарына карай учаар эле.
Народная писательница КР Менди Мамазаирова - Sputnik Кыргызстан
Менди Мамазаирова (солдон акыркы): орто мектепти бүтүп, Фрунзе шаарына билим алууга бардым. Мына ушунда чындап сагынычка, кусага толгон каттар борбордон республиканын ар кайсы айылдарына карай учаар эле.

Жыландын шаштысын кетирген кичинекей тентек кыз

Мен төрт уулдун арасында жалгыз кыз элем. Беш жашыма чейин ыйлаак болуптурмун. Кежирлигимде, шоктугумда чен жок эле. Жыландын куйругунан кармап алып тегереткенде башы айланып, жалдырап жатып калчу. Аны кармап алып, мойнуңа салам деп далайлардын жүрөгүнүн үшүн алдым…

Президент сообщества Кыргыз тили Раимжан Курбанов - Sputnik Кыргызстан
Раимжан Курбановдун айылга каты. "Добрый вечер, катасы болсо кечир"
Экинчи же 3-класс бекен, татарбы же оруспу, бир киши мектепке акын-жазуучулардын сүрөттөрүн, чамасы, 10 тыйындан сатып келди. Мен Александр Пушкиндин сүрөтүн тандап алдым. Анын орус экенин билгенимде таң калдым. Кыргызча которулган ырларын мектепке чейин жатка билчүмүн да, кыязы, кыргыз экен деп түшүнсөм керек. Карл Маркс менен Фридрих Энгельстин немец экенин билгенде эсим оогон. Ал кезде "немис" деген сөз, кандай таасир берерин элестетип көрүү кыйын эмес эле. 4-классымда ыр сыяктуу бирдемелерди жаза баштаган болсом керек.

Биздин согуштан кийинки муун жалаң кат менен кабарлашчу муун эле. Анда телефон, телеграф деген түшкө кирчү эмес. Кат жазышуу мектеп партасынан башталган. Албетте алгачкы балалык сүйүү колубузга калем алдырып, ак барактарга роза гүлү менен булбулдун сүрөтү тартылып, "…айылдын жолу катыраң, алтыным сени эстесем, уктабай таңды атырам" деген бизден улуу ага-эжелерибизден көргөн ыр менен башталчу. Жообун жазбаган кыздарга кызыл сыя менен жүрөктүн сүрөтүн тартып, ага канжарды сайып, кыпкызыл тамчылар таамп турган каттар келчү. 

© Фото / из личного архива Менди МамазаировойМенди Мамазаирова: согуштан кийинки мезгилде аскерге кеткен уулдарын зарыгып күткөн энелер. Алардан келген каттардын далайын окуп берип, далай каттарына жооп жазып бергем. Сүрөттө: улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен
Народная писательница КР Менди Мамазаирова - Sputnik Кыргызстан
Менди Мамазаирова: согуштан кийинки мезгилде аскерге кеткен уулдарын зарыгып күткөн энелер. Алардан келген каттардын далайын окуп берип, далай каттарына жооп жазып бергем. Сүрөттө: улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен

Оргуган сагынычтар Озгурга багытталып

Этногородок в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области в рамках II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбек Жанжигиттин айылга каты. Мен көмүлгөн боз дөңдөн абай салып жатармын...
Анан орто мектепти бүтүп, борборго, андагы Фрунзе шаарына барып, билим алуу бардык жаштын тилеги эмес беле. Мына ушунда чындап сагынычка, кусага толгон каттар борбордон республиканын ар кайсы айылдарына карай учаар эле. Мен да алгачкы сагыныч каттарымды, Ош шаарынын чыгыш тарабындагы Озгур айылындагы ата-энеме жазчумун. Мурдагы аты Коңур-Жаз деп аталчу. Бөксө адырлардын түбүндөгү дүйнөдөгү эң кооз, көркөм айылым менин учкан уям. Анткени мен ал айылда 14 жашыма чейин гана жашадым. 7 жылдык мектепке барганча үч булакты, андагы төө кирсе көрүнбөгөн сырдуу, сүрдүү күңгүрөгөн камыштар али да түшүмө кирет. Булактардын ортолугундагы кызыл жошо кызгалдактар, түркүн гүлдөр. Капыстан чыга калган жыландар, Ак-Буураны бойлогон токойлор… Кийин "Турумтай" романымда сүрөттөлгөн. Ошол кичинекей айылда не деген кызык дүйнө бар болчу. Эстесем али да көзүмө жаш тегеренет! Анткени, ал айылым азыр шаарга жутулуп кеткен. Калаадан айырмасы жок.

Согуштан кийинки мезгилде аскерге кеткен уулдарын зарыгып күткөн энелер. Алардан келген каттардын далайын окуп берип, далай каттарына жооп жазып бергем. Андагы "Оштун үстү, Аксуу бою Төлөйкөндүн атыр жыттуу абасынан дем алып, жашап жаткан ардагым атам жана апама…" деп башталчу армиядан келген каттар. "Мындагы Оштун үстү, Аксуу бою (Ак-Буура дарыясынын суусу дары дешип аздектеп, тергеп Аксуу деп аташчу) Төлөйкөндө жашап жаткан атаң менен апаңдын саламы деп бил…" деп башталчу жооп каттар. Андан бери далай мезгил акты. Оозунан ыр-жомогу куюлуп, көркөмдүккө көкүрөгүмдү ачкан атам Мамазаир менен эмгегине эч акы албай айылдын кийимин тиккен уз апам Тургун эбак чын дүйнөгө аттанып кетишкен. Бирок бир туугандарым, менин алыстан атымды угуп сүйүнүшкөн айылдаштарымдын бала-бакырасы бар. Өз эмгектери менен күн көргөн, мээнеткеч элим бар. Ар биринин короосунда мөмө-чөмө бышып, түркүн гүл жайнаган, кабаттап там салган, бакубат жашоо кечиргендерин көрүп маңдай жарыла кубанам. Аларды сагынам…

Ойлосом, атам бизге телевизор болуптур

Атамдын кыргыз эл жомокторуна окшобогон жомокторун, ырларын кийин чыгармаларыма колдондум. Балдарым да угуп калышты. Атам, эми ойлосом бизге телевизор да, театр да болгон экен. Жомок айтканда берилгени ушунчалык, дубалдын түбүндө отурган жеринен бөлмөнүн ортосуна жете келгенин эч кимибиз туйбай калчубуз. Атамдын ар бир сөзү жадымда калды. Ал эмес агам менен эжемдин китептен окуган "Жаныш-Байышын" жаттап алып, коңшуларга "окуп" берип, апамдан таяк жегеним эсимден кетпейт. "Куйма кулак" деген лакап атым, андан башка да көп аттарым бар эле… Менин эс-тутумума кийин өмүрлүк жарым Жолон Мамытов да тан берчү.

Ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтобүбү Черикчиеванын айылга каты. Апам тартуулаган бакыт, телеграфта калган издер
Апам аялзатына тиешелүү бардык ишти жасачу. Баарын мага үйрөттү. Канчалык эрке, көк бет болгонума карабай жасап өстүм. Башка айла жок эле. Анткени үй-бүлөдө апам экөөбүздөн башкасынын баары эркек бала дебедимби. Чекилдек, качма топ, лянги дегендеге да убакыт тапчумун.

Мен туулуп өскөн айылымдын батыш тарабында Жолон акын экөөбүздүн салган үйүбүз… Экинчи айылым – кайын журтум. Ааламга Гапар Айтиевдей, акын Жолондой, генерал Расул Раимбердиевдей инсандарды берген Төлөйкөн айылым. Короосунда гүл жайнаган, кабаттап там салган бакубат айылым. Мени келин эмес кызындай көргөн айылым. Биздин чөлкөмдө согуш маалында да, кийин да ачкадан карышкан эч ким болгон эмес деп айтышчу карыялар. Анткени, мөмө-жемиш менен ынтымак баарынан алып калган дешчү. Мээнеткеч, өнөркеч айылдарым аман болгула. Ар бир ыр-поэмаларымда, аңгеме-повестеримде, драма-романдарымда силерден алган башталыш, рух-нур, жаркын бейнеңер калемине күч-кубат алган, силерди сагынган кызыңардын ысык саламын кабыл алгыла!

Урматым менен, кызыңар жана келиниңер Меңди Мамазаирова

Жаңылыктар түрмөгү
0