Куткаруучулар ашууда калган малчыларды куткарууга кетишти

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын топ 2-октябрда саат 01:50дө Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына барып түнөгөн

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Чаткалда кардын көптүгүнөн келе албай калган таластык чабандарга куткаруучулар жөнөтүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын сегиз чабаны 30-октябрда жааган кардан улам Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда үч короо кой жана үч үйүр жылкысы менен өтө албай калышкан.

"Чабандарды көчүрүп келүү үчүн ӨКМ Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде жергиликтүү тургундардан төрт адам жана үч куткаруучу "ЗИЛ-131" унаасы менен 1-октябрда чыгып кетишти", — деп маалымдады ӨКМ.

Аталган топ 2-октябрда саат 01:50дө Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына барып түнөгөн. Кар көп жаагандыктан унаа менен андан ары өтүүгө мүмкүн болгон эмес.

Эскертке кетсек, 30-октябрда Кыргызстандын көп аймактарында кар түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0