Ролик кыргызских вайнеров на песню зын, зын. Фото со страницы инстаграм пользователя emil.toktoshev

Соцтармак кызыктары: колу туткак кайгуулчу, кыздар эми "зың-зың-зың"

2469
(жаңыланган 09:11 05.10.2017)
Ишемби күнү жарым кылым мурда баш кошкон ата-апаларыбыз Бакыт өргөсүнө келип, түйгөлүү жылдарын майрамдашты. Ал эми өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаевдин метродо бараткан сүрөтү интернет айдыңында талкуу жаратты.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Буга чейин социалдык тармактарда "даң-даң" жаргону популярдуу болду эле. Эми ага уйкаш "зың-зың-зың" деген ыр чыгыптыр. Кыздарга арналып, бийлегенге да ыңгайлуу. Ал арада колу туткак кайгуулчу интернет колдонуучуларын таң калтырып да, күлкүгө бөлөп да койду.

1. Бакыт өргөсүндө өзгөчө жуптар. Бир жаздыктан чачы агарган карыялар бирге жашаганынын 40-50-60 жылдыгын белгилешти. Алар жаш жубайлар сыяктуу колтукташып, колдоруна гүл кармап басып Бакыт өргөсүн өзгөчө майрамга бөлөштү. Баарыбызга ушундай дөөлөттүү каарылык насип этсин!

50, 60 жыл бирге жашап келе жаткан бактылуу уй- булолор!

Публикация от Нурзат Токтосунова (@nurzat_toktosunova) Сен 30 2017 в 2:39 PDT

2. Тунгуч президент таң калтырып… Мурунку президент Аскар Акаевдин метродо бара жаткан сүрөтү интернет айдыңында талкууга алынды. Көпчүлүгү аны метродо жүрүп калдыбы деп таң калышкан.

3. Токтогон троллейбусту түртүп… "Ошто ушундай, жада калса бузулуп калган троллейбусту да жолго таштабай түртүп болсо да ала кетебиз" деп жазган Zhyldyz Stella атуу колдонуучу. Жетчү жерине жеткенде троллейбустун айдоочусу түрткөн балдарга жол кире төлөп береби?

4. Мына сага ыр. Бишкектин кыздары зың-зың-зың, Оштун кыздары дың-дың-дың. Эх-хх… Кыздарыбызды эмнеге гана теңебейбиз, ээ…

5. Колу узун кайгуулчу. Бул Кайгуул милиция кызматкери бир чети күлкүңдү келтирсе, бир жагынан таң калтырат. Капыстан эле аны тартып жаткан камераны жулуп алган. Анын кыймылын жыландын ыкмасына окшоштуруп жатышат.

6. Премьер-министрдин командасы. Өкмөт башчы Сапар Исаков расмий сапары менен Россияга барып келди. Ал келе жатканда өзүнүн командасы менен учактын ичинде сүрөткө түшүп, сапар жемиштүү болгонун белгилеген. Сүрөттөгүлөр Исаковдун бутуна бут, колуна кол болгон адамдар десек болот.

2469
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, социалдык тармак, метро, ыр
Тема:
Соцтармактардагы кызыктар (45)
Тема боюнча
Соцтармак кызыктары: кран менен түшкөн келинчек, "кийимчен" эшек
Chris Brown кыргыз "келинчегинин" видеосун бөлүштү. Суткада 1 млн. ирет көрүлгөн
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

65
Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдон түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагы аркылуу кырызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук кийим кийген сүрөттөрүн жарыялады.

"Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм."Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси  мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Келгиле достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!" — деп жазды спортчу кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдун ичинен түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Тыныбекованын постуна бир нече мүнөт ичинде жүздөгөн колдонуучулар "лайк" басып, комментарийлерди жазып жатышат.

65
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, пост, сүрөт, майрам, куттуктоо
Тема боюнча
Эч кандай акция уюштурган жокмун! Тыныбекова фейк аккаунт ачылганын айтты
Камкордук керек. Жапаров элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта