Октябрь айына карата газдын баасы аныкталды

© AFP / BARBARA SAX Газ плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдын баасы Улуттук банктын айдын башында аныктаган доллардын курсуна жараша коюлат

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Октябрь айына карата газдын баасы аныкталып, калк үчүн өзгөрүүсүз калганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, карапайым калк бир кубометр газ үчүн бул айда 14,39 сомдон төлөшсө, өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр менен бюджеттик уюмдар кошумча нарк салыгы жана сатыктан түшкөн салыкты кошуу менен 17,64 сомдон төлөшөт.

Белгилей кетсек, газдын баасы Улуттук банктын айдын башында аныктаган доллардын курсуна жараша коюлат. 1-октябрда доллардын наркы 68,65 сом деп белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0