Кыргызстандык окуучулар Бангкоктон алтын баштаган бир нече медаль менен кайтты

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЭсеп чыгарып жаткан окуучу. Архив
Эсеп чыгарып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бангкок шаарында өткөн эл аралык олимпиадага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 420 окуучу катышкан

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандан барган окуучулар Таиландда өткөн арифиметка боюнча эл аралык олимпиадада бир нече алтын, күмүш жана коло медалдарды жеңип алды. Бул туурасында балдарды сынакка жиберген менталдык арифметика боюнча мектептен билдиришти.

ЖОЖ бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Россиянын университеттеринде бекер окуй алат
Эсеп боюнча жарышта төрт окуучу супер-чемпион болуп алтынга ээ болсо, дагы беш окуучу чемпиондук менен күмүш, ал эми бир окуучу биринчи орунга чыгып коло алган. Андан сырткары, эки кубок таланттар шоусунда берилген.

Бангкок шаарында өткөн эл аралык олимпиадага дүйнөнүн Япония, Кытай, АКШ, Индия, Түркия, Россия, Таиланд, Малайзия сыяктуу 20 өлкөсүнөн 420 окуучу катышкан.

Кыргызстан жалпы эсеп боюнча менталдык арифметика боюнча ондогон жылдардан бери машыгып келе жаткан өлкөлөрдөн ашып кеткен. Бул илим менен биздин өлкөдө активдүү түрдө эки жылдан бери алектенип келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0