Мэрия жер алдындагы өтмөктүн сапатсыз ремонту үчүн ким жооп берерин айтты

© Sputnik / Эламан КарымшаковТечь с потолка недавно отремонтированного подземный перехода
Течь с потолка недавно отремонтированного подземный перехода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27,5 миллион сомдук ремонттон кийин өтмөктүн шыбынан жамгырдын суусу тамчылап, жер көлдөп чыккан

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктөн эмне үчүн суу тамчылаганы белгилүү болду. Анын себебин мэрия түшүндүрүп берди.

Эскерте кетсек, 29-сентябрь күнү жаан жаап, өтмөктүн түндүк-чыгыш тарабындагы чатырынан суу аккан.

1987-жылы курулган өтмөктү оңдоо иштери быйыл майда башталып 12-сентябрь күнү пайдаланууга берилген. Ремонтко 27,5 миллион сом сарпталган.

"Реконструкция учурунда гидроизоляциялык катмарына доо кеткен. Суу ушул себептен акты. Бул подрядчы болгон  "Главтехинвест" ишканасынын кетирген катачылыгы", — дешти мэриядан.

Азырынча иш мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан кабыл алына элек. Бүгүн аталган компания кетирген кемчилигин өз эсебинен оңдоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0