Памирдеги кыргыздарга жиберилген жардам Тажикстандын Мургабына жетти

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииЖизнь и быт памирских кыргызов
Жизнь и быт памирских кыргызов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардам жүктөлгөн жүк ташуучу 9 автоунаа, май ташуучу бир машина жана тез жардам кызматы 1-октябрда Кыргызстандан чыккан

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Афганистандын Кичи жана Улуу Памир аймактарындагы этникалык кыргыздарга жиберилген гуманитардык жардам Тажикстандын Мургаб айылына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азык-түлүк жана тиричилик буюмдары, дары-дармек жүктөлгөн 9 жүк ташуучу автоунаа, бир май ташуучу машина жана тез жардам кызматы Кыргызстандан 1-октябрда чыккан.

"Атайын экспедициянын коштоосундагы машиналар 1-октябрда саат 17:50дө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш чек ара заставасына жетип, ошол жерде түнөгөн. 2-октябрда саат 11:40да Тажикстандын аймагына өтүп, саат 22:30да Мургаб айылына келишкен. Гуманитардык жардам жүктөлгөн машиналар 3-октябрда андан ары сапарын улантышат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак аталган жардамды көрсөтүү буйругу КР өкмөтүнүн 7-сентябрдагы буйругунун негизинде ишке ашып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0