Кайгуул милициясы жаңы жылга чейин Бишкектеги бустарды күнүгө текшермей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү алгачкы үч сааттын аралыгында Аламүдүн базарынын аймагынан техникалык талапка жооп бербеген 10 микроавтобус аныкталган

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы 2018-жылдын 1-январына чейин эл ташыган микроавтобустарды текшере турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чини эмне? Бишкекте эки башка погон тагынган милиционер иштеп жатат
Шейшемби күнү алгачкы үч сааттын аралыгында Аламүдүн базарынын аймагынан техникалык талапка жооп бербеген 10 микроавтобус аныкталган.

Протоколдордун басымдуу бөлүгү унаанын туура эмес жерге токтогону үчүн түзүлгөн.

Атайылаштырылган унаа токтотуучу жайга киши ташуу боюнча талаптарга жооп бербеген эки маршруттук микроавтобус киргизилди. Коомдук транспорттун айдоочулар курамынын арасында жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0