БШК өлкөнүн үч облусуна шайлоо бюллетендерин жөнөттү

© Фото / пресс-служба ЦИК КРШайлоо бюллетендери
Шайлоо бюллетендери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 3 миллион 31 миң 811 бюллетень даярдалган

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына президенттик шайлоого карата бюллетендер жөнөтүлгөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Жалал-Абадга 544 миң 795, Ошко 588 миң 948 жана Баткенге 24 миң 263 бюллетень жөнөтүлгөн.

"Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарына шайлоо бюллетендери 4-октябрда жеткирилет", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 3 миллион 31 миң 811 бюллетень даярдалган, анын ичинен 2 миллион 461 миң 219у мамлекеттик тилде болсо, 570 миң 592си расмий тилде.

Жаңылыктар түрмөгү
0