300 миңдей шайлоочу катталган жеринен тыш жакта добуш бергиси келет

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Добуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча 15-октябрда боло турчу президенттик шайлоодо 3 миллиондой кишинин добуш берүүгө укугу бар

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 300 миңдей шайлоочу №2 форманы толтурганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Аталган форманы жашаган жана каттоого турган жеринен башка жакта добуш бергиси келгендер толтурат.

"300 миңдей киши №2 форманы толтурду. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 200 миң киши жашаган жеринен башка жакта добуш берүү үчүн форманы толтурган. Алдын ала маалымат боюнча добуш берүү укугуна ээ кишилердин саны 3 миллиондон ашат", — деп айтылат маалыматта.

Такталган тизме 4-октябрда белгилүү болуп, ал Боршайкомго берилет.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0