Окумуштуулар депрессиядан арылуунун эң оңой жолун табышты

© AFP / FRED DUFOURЫйлап жаткан кыздын архивдик сүрөтү
Ыйлап жаткан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дене тарбия көнүгүүсүн таптакыр жасабаган адамдардын 44 пайызы депрессиядан жабыркай турганын окумуштуулар аныкташкан.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жумасына бир саат дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу депрессиянын алдын алып, адамдарды оорудан арылтууга жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости American Journal of Psychiatry журналына таянып кабарлады.

"Биз буга чейин депрессиядан арылуу үчүн дене тарбия көнүгүүлөрү пайдалуу экенин билчүбүз. Бирок качан гана аны адамдарга карата эксперимент катары жасап, жыйынтык бергенде чындап ынандык", — деди Австралиядагы Жаңы Түштүк Уэльс университетинин окумуштуусу Сэмьюэл Харви (Samuel Harvey).

Окумуштуулар депрессия адамдын жүрүм-турум жана психикасына гана эмес, ден-соолугуна да терс таасирин тийгизерин аныкташкан. Ошондой эле алар дене тарбия көнүгүүсүн таптакыр жасабаган адамдардын 44 пайызы бул илдеттен жабыркай турганын да изилдеп чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0