БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Романовка айылында мыйзамсыз салынган турак жайлар жана фундаменттер түрттүрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган курулуштар айдоого ылайыкталган менчик жер тилкелерине уруксатсыз салынган.
"Буга чейин түшкөн арыздардан улам инспекторлор аталган мыйзамсыз курулуштардын ээлерине бир жыл мурун эле эскертүү берип, соттук териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бирок курулуш ээлери талапты аткарбагындыгы үчүн курулушту күч колдонуп бузууга туура келди", — деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекция айдоо багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен турак жай куруп алгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Айдоо аянттарына жана үлүш жерлерге курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.