Сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков 27 жашта! Бийчи тууралуу 10 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовИзвестный танцор Атай Омурзаков
Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын дүйнө жүзүнө төш кага мактана турчу уулдарынын бири Атай Өмүрзаков экендиги талашсыз. Өлкөнүн атын далайга таанытып, көптөгөн баланы бий дүйнөсүнө баш бактырган бийчи бүгүн 27 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү заманбап кыргыз бийчиси тууралуу 10 факты даярдады.

1. Бийчи Атай Өмүрзаков Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында 1990-жылы 5-октябрда туулган. Эки бир туугандын кичүүсү. Ата-энеси Атай эки жашка чыкканда ажырашып кетип, апасы балдарын жалгыз тарбиялаган. Кесиби боюнча медайым, соттук-медициналык эксперт болуп иштеген. Атасы болочок бийчи 10-класс кезинде каза тапкан.

2. Спортту үзгүлтүккө учураткан жүрөк оору. Өмүрзаков бала кезинен спортко жакын өскөн. Таэквандо, каратэ, жеңил атлетика, бокс, күрөш менен машыгып, баскетбол, футбол ойногон. Бирок 14 жашында жүрөк оорусуна байланыштуу спортту таштаган. Кошумча скульптура менен алектенип, республикалык деңгээлдеги сынактарда биринчи орундарды алган. Кезинде Италиянын, Франциянын окуу жайына тапшырууга сунуш түшүп, бирок Атай келечегин бул тармак менен байлагысы келген эмес. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков
Президент Алмазбек Атамбаев и танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев жана белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков

3. Мен таланттуу эмес, аракетчилмин! Атай кичинекей кезинде бийди абдан жаман көрчү. Өзүнүн айтымында, мектептеги бий ийримдеринде такыр эле бийлей албаган бала болгон. Өмүрзаковдун "талантым деле жок болчу, аракет кылып ушул деңгээлге жетип алдым. Мен беш жылда жеткен ийгиликке окуучуларым бир жылда жетип жатат" деп айтканы бар.

Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Бийчи Атай: ушунча жыл сахнада жүрөм, бирок, мен таланттуу эмес экенмин
4. Бийлегенди 15 жашынан баштаган. Бирок тартынчаак болгондуктан эл алдына чыгып дароо эле бийлеп кете алган эмес. Үйүндө эч ким жок кезде күзгүнүн алдына туруп алып бийлеп, чоң сахнага чыкканын, жеңиштерин элестетип кыялданган. Өзүнүн айтымында, ал күзгүсү бетин араң толук көрсөтчү. Роботко кызыккандыктан, алгач ошону туурап бийлечү. 11-классты аяктап жатканда Коомдук биринчи канал уюштурган "Баракелде" телесынагына катышып, биринчиликке ээ болгон.

5. Топ жарга жеңиштер. 2010-жылы Россиянын биринчи каналындагы "Даңк мүнөтү" ("Минута Славы") долбоорунда экинчи орунга жеткен. Мына ушул сынактын арты менен Атай Өмүрзаковдун аты "дүңк" этип, ааламга жолу ачылган. Андан кийин беделдүү делген "Украина таланттарга бай" ("Украина мае талант") долбоорунда алдыңкы орунду багындырган. 2011-жылы Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн "Чехия-Словакияда таланттар бар" сынагын жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайткан.

6. Жалгыз дарак токой болбойт деген сөздүн маңызын жакшы түшүнөт. Атай бийчилерден турган "Тумар КР" тобун түзүп, сынактарга чогуу катыша баштаган. 2013-жылы бийчи аталган топ менен Россиянын "Даңк мүнөт" (Минуты славы) долбоорунун жарым финалына чейин жеткен. Германиянын Франкфурт шаарында өткөн Das Supertalent-2014 эл аралык сынагында төртүнчү орунга татыган. 2015-жылы Түркиянын "Сиз таланттуусуз" ("Yetenek Sizsiniz-2015") сынагында байгелүү орунга ээ болгон. 2016-жылы Францияда өткөн "Du Cirque de Demain" сынагына 3-орунга ээ болуп, акчалай сыйлык алышкан. "Британия таланттарды издейт — 2016" (Britain's Got Talent 2016) шоусунда жарым финалга чейин жетишкен. Өмүрзаков "Адем" бийчилер тобун да негиздеп, ал бийчилер чет элдик сынактарга катышып келет. Жакында эле россиялык "Чи-Ли" тобунун клибине тартылышкан

7. Билими. Мектепти аяктаган соң КРдин президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын маркетолог бөлүмүнө тапшырган. Атай чет элдик сынактарда көп жүргөндүктөн студенттик күндөрдүн даамын тата алган эмес.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
8. Социалдык тармактын белгилүү колдонуучусу. Instagram баракчасында 71,900 киши катталган. Атай бир гана бий менен чектелбейт. Ал мыкты — фотограф. Өзү жараткан өзгөчө сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөп турат. Өмүрзаков өз кезегинде Facebook социалдык баракчасына көрөрмандардын колдоосу маанилүү экенин жазып, чыгармачыл адамдарга кескин сын айтуу зыян келтирерин белгилейт.

9. Келечегин ишкерлик жактан көрөт. Бий тармагын окуучуларына өткөрүп берүүнү пландайт. Учурда ди-джейлик менен да алектенип, ырларын бийлерине колдонуп келет.

10. Жеке жашоосу. Көптүн көзүн күйдүргөн бойдок жигит сүйлөшкөн кызынын бар-жогун жашырып келет. Өзүнүн "35 жашымда үйлөнөм" деп айтканы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0