Ошентсе да анын биринчи класстагы 26 окуучусу анын курагына карабайт: өз ара оңой эле тил табышып алышкан. Альбина эч бир окуучусун бурчка тургузбайт, бирок эркелеп тентектик кылууга да жол бербейт.
— Эмнеликтен дал ушул кесипти тандап алдыңыз?
— Буга мен тээ балалыгымдан бери даярданып келгем. Кичине кезимде оюнчуктарымды, оролгон төшөктөрдү тизип алып, аларга "сабак өтчүмүн". Такта ордуна терезени колдончумун.
Кийин Нарын облусундагы Кара-Суу айылындагы мектеп босогосун аттаганымда эле алтын мугалимдеримди жакшы көрүп калгам. 9-класстан кийин апам педагогикалык окуу жайга тапшыруума уруксат берген. Алгачкы айларда куса болуп, классташтарымды сагынып жүрдүм. Анан мектептерде сабак өтүүгө көнүгө баштаган маалда окууну таштоо оюмдан кайттым.
— Арзыбаган айлык акыга да кайыл болдуңузбу?
— Үй-бүлө кура элекмин, андыктан 7 миң сом маяна мага жетет. Бирок баары бир көбүрөөк болсо, жаштар арасында мугалим болууга кызыккандардын саны өсмөк.
— Группалаштарыңыздын арасында да дилгирлер арбын беле?
— Биздин группадагы кыздардын басымдуу бөлүгү кесипти аркалап кетишкен жок. Көбү турмушка чыгышты, үй-бүлө күтүштү. 20 кыздан алтоо гана мугалим болду.
— Алардын жолу менен кетпегениңизге өкүнбөйсүзбү?
— Кандай болорун билбейм, алдын ала жоромолдогум келбейт. Балким жакында турмушка чыгам, мүмкүн азыр эмес. Маңдайга жазылганды көрөбүз.
— Иш күндөрүңүз кандай өтөт?
Окуучулардын бир эле тизмесин директор үчүн, окуу бөлүм башчысы үчүн деп бир канча ирет толтурасың. Кымындай эле ката абдан сынга алынат. Документте бир ката кетирип алганым үчүн мага эскертүү беришкенде абдан ызаланып ыйлагам.
Жумуштан кийин үйгө кайтам, тамак жасайм, үй жыйнайм. Өз алдынча өнүгүүнү да унуткарбастан, сөзсүз китеп окуйм.
— Адатта окуучулар жаш мугалимдин башына чыгып алышат го…
— Жок, аларга чеги менен катаал болууга, ошол эле учурда балдар менден коркуп калбагыдай мамиле кылам. Мага алардын катылып жаткан өнөрүн ачуу жагат, ар биринин тамырын тартып, өзүнчө жол табууга умтулам. Азыр иштегениме бир эле жыл болду. Окуучуларым чоңоюп, 5-класска көчүп, менден узашканда гана жыйынтыкты көрүүгө болот. "Ай ушул Альбинанын классы!" деген нааразы кептерди уккум келбейт.
— Башта мени жогорку класстын окуучусу деп ойлошчу, кийин көнүп калышты. Педагогикалык билимим бар экенин, мектепке тегин жерден келип калбаганымды ата-энелерге түшүндүрүүгө туура келди. Ортобузда эч көйгөй жаралбайт. Башка мугалимдердин да мамилеси жылуу, жардам берип турушат. Жамаатыбыз абдан ынтымактуу.
— Сулуулар сынагына кандайча катышып калдыңыз?
— Интернеттен курбум экөөбүз жарыя көрүп калдык. Курбум сүрөтүмдү жиберишимди өтүнүп туруп алды. Кесиптештеримдин бардыгы мени колдоду. Интернетте мага добуш бергендердин баарына ыраазычылык билдирем.
— Курбалдаштарыңыз сымал Инстаграмда баракча ачып алып, жарнама менен каражат табууну каалабайсызбы?
— Жок, ал тармакта баракчам жабык, досторум гана окуй алат. Жарнама мага кызыксыз.
— Балалыктагы мугалим болуу кыялыңыз орундалыптыр. Кезекте эмнени багындыргыңыз келет?
— Анык күчтүү мугалим болууну самайм. Азырынча тажрыйбам азыраак, бирок бул кесиптин өтөөсүнө чыгууга умтула бермекчимин!
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбору жарандарга чет өлкөлөрдө жараксыз паспортторду колдонуунун негативдүү кесепеттери болорун эскертти.
Кеп мурда жоголуп кеткен документтер тууралуу болуп жатат.
"Жалпы жарандык паспорт же ID-картаңыз жоголуп кетип, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирдиңиз дейли. Бирок аны кийин кайра таап алган күндө дагы чет өлкөгө чыкканда колдонбошуңуз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт. Кийин ал өлкөлөрдүн бирине жоголгон документти пайдаланып кирүүгө аракет кылган адам кармалышы мүмкүн.