Ооруканадагы бейтап. Архив

Жыныс органдарындагы варикоздун кесепети. Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен маек

8383
(жаңыланган 15:52 09.10.2017)
Мурда варикоз оорусу менен жашы өтүп калган адамдар гана ооруйт деп уксак, азыр бул дарт барган сайын жашарып баратканын дарыгерлер айтууда. Анын ичинен бул илдетке көбүнчө аялдар кабылат экен.

Оору эмнеден улам пайда болот жана анын кандай коркунучтуу жактары бар? Убагында дарыбаласа адамды иштөө жөндөмдүүлүгүнөн ажыратып кое турган дарт тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен баарлашты.

Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу: варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы — оорунун белгиси

— Варикоз илдети кандайча пайда болот?

— Варикоз оорусу негизи көбүнчө буттагы кан тамырларга күч келгенде жаралат. Мисалы, адамдар семирип кеткенде, оор көтөргөндө, аялдар кош бойлуу кезинде жана дайыма бутуна туруп алып иштеген адамдардын бул илдетке кабылуу ыктмалдыгы күч. Анткени вена организмде иштетилип бүткөн кан жүрүүчү кан тамыр болуп эсептелет да, оорчулук түшкөндө кан жогору көтөрүлө албай, анын жарымы кайра артка кетип, мунун эсебинен буттун кан тамыры кеңейип, чоюлуп отуруп варикозго чалдыгат. Анан ийри-буйру абалга туш болгон вена өзүнүн формасын толугу менен жоготот. Варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы — оорунун белгиси. Көбүнчө дарттын бул түрү менен аялдар жабыркашат. Себеби алардын организми эркектерге салыштырмалуу алсыз келет. Мындан сырткары, варикоз жыныстык органдарда да пайда болот. Ага көбүнчө кош бойлуу келиндер кабылат.

— Кош бойлуу келин үчүн өтө эле кооптуу болсо керек?

— Боюнда бар аял жыныстык жагында варикоз пайда болсо гинекологго учетко тургандай эле флебологго да учетко турушу керек. Себеби варикозу бар аял флебологдун кеңеши менен гана көз жарат. Уруксат берилбесе аны операция жолу менен гана төрөтүүгө мүмкүн. Аял толготуп, кыйналып жатканда шишиген вена жарылып кетиши ыктымал. Бул өтө коркунучтуу.

Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу: варикозду дарылаган азыр ар түрдүү ыкма чыкты. Аны хирургиялык, башкача айтканда, операция жолу менен алса болот. Мындан сырткары, лазер менен алабыз, анан склеротерапия деген ыкма бар

— Кийин төрөгөндөн кийин ал кетеби же ошол боюнча калып калабы?

— Төрөгөндөн кийин баягы шишик тарайт, бирок вена чоюлган боюнча калат. Варикоз оорутпагандыктан кээ бири тарап, жок болуп кетти деп жүрө берет. Бирок варикозду алып салбаса ал өзү жоголбойт. Андан көрө дарыгерге убагында барып алдырып салган жакшы. Анткени бир күнү кокустан операция болуп же жараат алып, айтор, кан айлануу бузулганда варикоз болуп чоюлуп калган тамырга кан таптакыр эле уюп калып, тромб пайда болот. Бул тромб кокус үзүлүп кетсе, жүрөктөн өтүп өпкөнүн кан тамырына туруп калышы мүмкүн. Анда адам каза табат же майып болуп калат. Ошондуктан варикоздун алдын эрте алуу керек.

— Аны кандай алып салса болот, операция мененби же дары мененби?

— Варикозду дарылаган азыр ар түрдүү ыкма чыкты. Аны хирургиялык, башкача айтканда, операция жолу менен алса болот. Мындан сырткары, лазер менен алабыз, анан склеротерапия деген ыкма бар.

— Операциядан кийин варикоз таптакыр чыкпай калат деп кепилдик берилеби?

— Варикозго операция жасалгандан кийин бейтаптардын 15-20 пайызында варикоз кайра пайда болушу мүмкүн. Буттун тери катмарында эки вена системасы болот: тери алдындагы чоң жана кичи веналар. Эгерде чоң вена кеңейип кетсе, ошого гана операция жасалат да, кичи вена кала берет. Кийин тери алдындагы кичи вена кеңейип кайра эле чыгып кетиши мүмкүн. Адам варикозго алып келүүчү көрүнүштөрдөн оолак болуп, өзүн жакшылап карап жүрсө вена чыкпайт.

– Ал үчүн кандай эрежелерди сактоо керек?

– Варикозун алдырган оорулууларга атайын байпактарды, колготкилерди кийип жүрүүсүн сунуштайбыз. Мындан тышкары, сууда сүзүү, чуркоо жана күнүгө 1-2 саат жөө басып турууну кеңеш кылабыз.

— Варикоздон көбүнчө жашы өтүп калган адамдар жабыркаса керек?

— Жок, бир гана алар эмес, турмуш кура элек кыздар менен балдар да келген учурлар арбын. Себеби бул оору тукум кууйт. Эгер ата-энең варикоз илдети менен ооруса, сен да ага кабылышың ыктымал. Жашы өткөндө да варикозго чалдыккандар көп. Айрыкча аялдар. Мунун биринчи эле себеби кош бойлуулук. Жатындагы бала эки буттан келген кан тамырды кысат, андан вена кеңейип кетет. Ошондой эле аялдар гормоналдык дарыларды көп ичип тез эле толуп, кайра арыктап, айтор, кан тамырларга күч келип ошондон чоюла берет. Бирок варикоз кош бойлуу аялдын баарында болбойт.

Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу: бутту кайчылаштырып отурганда да варикоз пайда болот. Мында кээ бир кан тамырлар кысылып калып кийин тез эле кеңейип кетет

— Шиш така көп кийүү варикозго алып келбейби?

— Алып келиши ыктымал, себеби ал дагы оорунун бир фактору. Мындан сырткары, тар кийим да көп кийбеш керек.

— Оорунун белгилери кандай болот?

— Бутта ооруксунуу пайда болуп, адамдын дене табы ысышы мүмкүн. Кечкисин буттар шишип, талып оорутат. Ошондой эле уктап жатканда булчуңдар карышып, буттун терисинин өңү карарып кетет.

— Бул дартты алдын алуу жолдору барбы?

Дарыгер. Архив
© Sputnik / Константин Чалабов
— Бул илдетке кабылбайын дегендер шиш така, тар кийимдерден оолак болушу керек. Аялдын боюна жаңы бүткөн кезде көп баспаганга аракет кылып, бийик такадан баш тартуу зарыл. Эгер жумушта кечке отуруп иштесеңер, тизелерди кармап, буттун учуна туруп, тез-тезден бутка көнүгүү жасап турган оң. Анан бутту кайчылаштырып отурганда да варикоз пайда болот. Мында кээ бир кан тамырлар кысылып калып кийин тез эле кеңейип кетет. Айрымдары муну жөнөкөй оору деп ойлошот, бирок аны убагында дарылабаса өнөкөткө айланып кетиши ыктымал.

8383
Белгилер:
варикоз, оору, Кыргызстан
Тема боюнча
Корулдабай ары жатчы! Коңурук тартуу оорубу же адатпы?
Баламдын дүлөй экенин билбей эле... Эненин муң-зары
Вице-премьер Аида Исмаилова

Исмаилова: протоколду сактагыла, туура эмес дарылоонун кесепети оор болууда

7
(жаңыланган 15:43 10.07.2020)
Министрлик тарабынан ушул шаршемби күнү үйдө жатып дарылангандар үчүн жаңы клиникалык протокол иштелип чыкты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Коронавируска чалдыккандарды үй шартында туура эмес дарылоонун кесепетинен абалы оорлошуп кеткендер болууда. Медиктерден кеңеш алып, атайын бекитилген протоколдун негизинде дарылануу зарыл. Бул туурасында социалдык маселелерди тескеген вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ар бир өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылоонун өзүнчө клиникалык протоколун даярдайт. Кыргызстанда мындай протокол акыркы ирет 8-июнда бекиген. Ал эми ушул шаршемби күнү үйдө жатып дарылангандар үчүн жаңы протокол иштелип чыкты.

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Тилекке каршы, үйдө жаткандар ийне сайдырып, асма уколду көп колдонушууда. Туура эмес дарылоодон абалы оорлошуп кеткендер болууда. Алар дексаметазон, эуфиллин жана алардын комбинациясындагы химиялык аралашмалары бар препараттарды колдонушкан. Жарандарга кайрыларым, өзүм билемдик менен дары сатып алып дарыланбаңыздар. Интернетте жана башка булактарда айтылган ыкмаларды колдонбоону сунуштайбыз", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал кыргызстандыктар үчүн клиникалык протоколду алдыңкы адистерден жана окумуштуулардан турган топ иштеп чыкканын кошумчалады.

Мэрия: күндүзгү стационарлардан бейтаптар айыга баштады

"Адистер курч мүнөздөгү вирустук оорулар адамдын гормонун начарлатып, организмдин инфекцияга каршы күрөшүү жөндөмүн алсыратарын айтат. Эгер батыш өлкөлөрүндө коронавирустан улгайган адамдар көбүрөөк каза тапса, биздин өлкөдө жаштарды дагы алып кеткен учурлар аз эмес. Ошондуктан дарыгерлерге клиникалык протоколду так сактоо керектигин эскертебиз. Туура эмес дарылаган медиктер жоопкерчиликке тартылат", — деди вице-премьер.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

7
Белгилер:
медик, протокол, дарылоо, коронавирус, Аида Исмаилова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү
Баткенде COVID жугузуп ооруканадан качып кеткен бейтап эртеси каза болуп калды
Медайым жумуш убагында. Архивдик сүрөт

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

11
(жаңыланган 15:44 10.07.2020)
Буга чейин Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам мекенине кайткан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер бейтаптарга онлайн кеп-кеңеш бере башташат. Бул тууралуу Kyrgyz Club-Germany уюмунун төрагасы, врач Бакыт Көбегенов билдирди.

Анын айтымында, учурда Европада иштеген ак халатчандардын тизмеси такталууда.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

"Бул демилгени Германиядагы бир катар кесиптештерибиз көтөрүп чыкты. Биз Кыргызстандагы дарыгерлерди колдоо максатында мекендештерибизге онлайн кеп-кеңештерди беребиз. Азыр кайсы интернет-платформаны колдоно тургандыгыбызды тактап жатабыз. Буюрса, бул ишке Европанын башка өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык ак халатчандарды да тартабыз", — деди дарыгер.

Көбегенов учурда Германиядагы ооруканалардын биринде хирургия бөлүмүнүн улук дарыгери, Куткаруу кызматында жетектөөчү врач болуп эмгектенет.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

11
Белгилер:
пневмония, коронавирус, кеңеш, Германия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт
Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди