"Жал" кичирайонуна жарык берилди

© Sputnik / Михаил ДудинМикрорайон Джал в Бишкеке
Микрорайон Джал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүп кеткен көмөк чордондун жабдыктарын толугу менен алмаштырууга убакыт талап кылынары айтылды

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Жал" кичирайонуна электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстандын улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Элзада Саргашкаева билдирди.

Эске салсак, борбор калаанын "Жал" кичирайонундагы трансформатордо кечээ кечке маал өрт чыккан.

"5-октябрь күнү саат 17.40тар чамасында Бишкектеги "Айни" трансформаторунда өрт чыккан. Өрт өчүрүлөрү менен биздин кызматкерлер бригадасы аны калыбына келтирүү иштерин башташкан. Түнү менен иштеген топ учурда көмөк чордонун оңдоп бүтүп, кичирайондо электр жарыгы толугу менен берилди", — деди Саргашкаева.

Ал эми күйүп кеткен көмөк чордондун жабдыктарын толугу менен алмаштырууга убакыт талап кылынары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0