"Сармердендин" шайыр жеңеси Гүлбүбү Ороскул кызы көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун "шайыр жеңеси" Гүлбүбү Ороскул кызы
Белгилүү ырчы, Сармерден долбоорунун шайыр жеңеси Гүлбүбү Ороскул кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлбүбү Ороскул кызы Кыргызстандагы өнөрлүү ырчылардын бири болгон

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Белгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун "шайыр жеңеси" Гүлбүбү Ороскул кызы көз жумду. Бул маалыматты аталган долбоордун жетекчиси Сагын Ниязалиева тастыктады.

Анын айтымында, ырчы оорудан улам дүйнө салган.

Гүлбүбү Ороскул кызы Кыргызстандагы өнөрлүү ырчылардын бири болгон. Ал ырчы Гүлзат Батырканова каза тапкандан кийин "Сармерден" долбоорунун "шайыр жеңеси" болуп алып бара баштаган.

Ырчы 40 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0