Алма сатуу. Архивдик сүрөт

Эки күн катары менен азыктардын күзгү жарманкеси болот

226
(жаңыланган 20:47 07.10.2017)
Анда жашылча-жемиштерден тарта этке чейин сатылат

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Борбор калаанын үч жеринде салтка айланып калган азык-түлүктөрдүн күзгү жарманкеси өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"7-8-октябрь күндөрү бишкектиктер үчүн кышка керектүү азык-түлүктөрдү камдап алганга шарт түзүлөт. Анда жашылча-жемиштерден тарта этке чейин сатылат", — деп айтылат маалыматта.

Жарманке шаардын үч жеринде, төмөнкү даректерде болот.

  • Ленин району: "Жал" кичи району, "Боорсок" гипермаркетинин аймагында, Тыналиев №73/1;
  • Октябрь району, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Асанбай" кичи базары;
  • Свердлов району, Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилиши

226
Белгилер:
жарманке, жашылча-жемиш, эт, азык-түлүк
Тема боюнча
Муздаткычта сакталган даамдар. Жер-жемиштерди тоңдуруу боюнча адистин кеңеши
Моңолдоров: жаңы логистикалык борбор жер-жемишти 270 күнгө чейин сактай алат

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында тургундар нааразычылыкка чыкты. Видео

10
(жаңыланган 14:22 31.05.2020)
Буга чейин Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалып жатканы айтылган.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасынын жанында жашаган 60ка жакын киши медициналык мекемеде коронавируска кабылгандардын дарылануусуна нааразылыгын билдирип чыкты.

Кечээ Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан бейтаптарды №6 шаардык клиникалык ооруканасына, Фтизиатрия улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасына жаткырарын билдирген.

Жашоочулардын айтымында, жарандардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок. Райондо калк жыш жайгашкандыктан вирус тез жайылып кетиши мүмкүн деп коркуп жатканын билдиришти.

Митингге чыккандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев сүйлөштү. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине ооруканада мурда COVID-19 диагнозу аныкталган жарандар дарылана турганын ырастаган. Учурда ал тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Министрдин орун басарынын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин тобокелчиликтерди алдын ала караштырган. Ошондой эле коронавирус менен ооруган адамдар бул жерде бир ай убакыт гана жайгаша турганын кошумчалады.

10
Белгилер:
коронавирус, нааразычылык акциясы, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов

Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн

10
(жаңыланган 14:12 31.05.2020)
Кубатбек Бороновдун айтымында, COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы бир сутка ичинде чыгарылышы зарыл.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЦР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча жыйынтык бир суткада чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт", — деди Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

31-майдагы маалыматка караганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 358ге жетти.

10
Белгилер:
көзөмөл, коронавирус, Нарын облусу, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду