БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып дүйнө салган вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнур Төралиева билдирди.
Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.
Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.