Гүлбүбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди

Жазылуу
Ырчы оорудан улам 6-октябрь күнү каза тапкан.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Белгилүү ырчы, айтылуу "Сармерден" долбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.

Эскерте кетсек, Гүлбүбү Ороскул кызы оорудан улам 6-октябрь күнү каза тапкан. Ырчынын артында эки кызы калды.

Эл оозуна алынган өнөрпоздун тажыясында митинг-реквием өтүп, анда кесиптештери, санаалаштары сөз сүйлөдү.

Маркумдун сөөгү Беш-Күңгөй айылына коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0