Жумакадыров кабылган жол кырсыгы: КамАЗдын айдоочусу эки айга камакка алынды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-октябрда болгон жол кырсыгынан вице-премьер, анын жардамчысы жана айдоочу каза болгон

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадаровдун жол тандабасы менен кагышкан жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыров кабылган жол кырсык беш баланы жетим калтырды
Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында КамАЗ менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗ автоунаасынын айдоочусу кармалган.

Билдирүүгө ылайык, айдоочунун баш коргоо чарасы бүгүн, 8-октябрда Биринчи май райондук сотунда каралган. 

"Соттун чечимине ылайык жүк ташуучу унаанын айдоочусу Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды. Тергөө иштери уланууда", — деп айтылат билдирүүдө. 

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрь күнү саат 9.00дө Кыргыз улуттук академиялык театрында өткөрүлөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0