Эртең Жумакадыров менен коштошуу зыйнатында Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Карта

Жазылуу
Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрь күнү саат 9.00дө Кыргыз улуттук академиялык театрында болот

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу эртең борбор калаанын айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрь күнү саат 9.00дө Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында өткөрүлөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Буга байланыштуу Бишкектин төмөнкү көчөлөрү 9.00дөн 13.00гө чейин жабылат: 

  • Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен Жаш Гвардия проспектисине чейин;
  • Фрунзе көчөсү Жаш Гвардия проспектисинен Раззаков көчөсүнө чейин;
  • Айматов проспектиси Фрунзе көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин;

"Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору, сиздерден каттамдарды алдын ала пландоону суранабыз. Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салган инспекторлорду түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, 7-октябрда Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында КамАЗ менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗ автоунаасынын айдоочусу эки айга камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0