Бишкектеги патрулдук милиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Өзүн "Роналду байке" деп тааныштырган кайгуулчу интернетти жарууда. Видео

4641
(жаңыланган 00:02 11.10.2017)
Интернетке жүктөлгөн видеону кыска убакыт ичинде 54 миңден ашуун адам көрдү

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өзүн атактуу футболчу Криштиану Роналду деп тааныштырган Кайгуул милиция кызматкеринин видеосу Instagram социалдык баракчасын багынтууда.

 

Роналду байке 😅 ✋

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Окт 8 2017 в 4:20 PDT

 

Видеону OMKS аттуу колдонуучу жүктөп, кыска убакыттын ичинде аны 54 миңден ашуун адам көргөн.

Милиция кызматкери унааны токтоткондо айдоочу анын атын сураган. Кызматкер эч камырабастан "атым Криштиану Роналду" деп айткан.

Интернет колдонуучулары бул тамашаны жакшы кабыл алып, башкалар да "Криштиану Роналдудан" үлгү алышы керектигин жазышууда.

Кайгуул милициясынын маалымат кызматы азырынча бул окуя боюнча үн ката элек.

4641
Белгилер:
видео, Криштиану Роналду
Тема боюнча
Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматы тууралуу биле жүрүңүз
ИИМ патрулдук милиция эмнеге түркчө жазуусу бар күрмө кийгенин түшүндүрдү