Аламүдүндө 7-класста окуган кыздын кош бойлуу экени аныкталды

Жазылуу
Бул окуядан кийин мектеп директору өз эрки менен кызматынан кеткен

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №2 мектеп-гимназиясынын 7-классында окуган кыздын кош бойлуу экени аныкталды. Бул маалыматты Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Мария Өзгөнова Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, окуучу кызды ата-энеси 12-сентябрь күнү мектептен чыгарып кетишкен.

"Бул боюнча директорлордун көчмө жыйыны өткөрүлдү. Анын натыйжасында мектептин социалдык педагогу менен тарбия бөлүмүнүн башчысына сөгүш берилди. Ал эми кыздын класс жетекчисине дисциплинардык чара көрүү сунушталды. Мектеп директору ушул окуядан кийин өз эрки менен кызматынан кеткен", — деди Өзгөнова.

Ал өспүрүм кыздын боюндагы түйүлдүккө 28 жума болгонун кошумчалады.

Азырынча милиция аталган факты боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0