Караколдогу лыжа курорту мыкты 10 жайдын катарына кирди

© Фото / Сергей ЕршовКараколдогу лыжа курорту. Архив
Караколдогу лыжа курорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алууга жаткан жери менен тамак-ашын эсептегенде эң арзаны Өзбекстандын Чимганында 65 доллар, эң кымбаты Казакстандын Шымбулагында 100 доллар турат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Караколдогу лыжа курорту эс алуучулар арасында КМШдагы мыкты кышкы он жайдын катарына кирди. Бул туурасында ТурСтат агенттигинин чыгарган рейтингинде айтылат. 

Мында 2017-2018-жылдын кышкы маалына туристтерди жайгаштыруу үчүн номерлерди эртерээк ээлөө системасында онлайн-брон жасоодогу анализдин жыйынтыгы берилген.

Ыссык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туризм департаменти: быйыл кыргызстандыктар чет элдиктерди жакшы тосушту
Каракол КМШ өлкөлөрүнүн ичинен мыкты деген он курорттун катарына кирет.

ТурСтаттын маалыматына караганда, КМШнын тоо лыжа курортторунда кышкы эс алуу бир жумадан 10 күнгө чейин созулат.

Мыкты деген он туристтик жайлар — Шымбулак (Казакстан), Шахдаг (Азербайжан), Силичи (Белоруссия), Цахкадзор (Армения), Чимган (Өзбекстан), Каракол (Кыргызстан), Логойск (Белоруссия), Туфандаг (Азербайжан), Алтай Альпылары (Казакстан) жана Якут тоолору (Белоруссия). Бул жерлерде кышкы эс алуу жана сноубординг негизги орунду ээлейт.

Эс алууга жаткан жери менен тамак-ашын эсептегенде эң арзаны Өзбекстандын Чимганында 65 доллар, эң кымбаты Казакстандын Шымбулагында 100 доллар турат. Ал эми Караколдо 70 доллардын тегерегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0