Сымбат апа: түкүрбө десең түктүйө карайт, эмне кыларыңды билбей каласың

© © SputnikБалыкчы шаарындагы "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү" муниципалдык ишканасынын кызматкери Сымбат Бараканова
Балыкчы шаарындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кызматкери Сымбат Бараканова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманчылап келсеңиз же шаардын тургуну болуп ары-бери өткөндө Сымбат Бараканованын жана анын кесиптештеринин түйшүгүн түшүнүп, эмгегин сыйлай өтүңүз.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы Саякбай Каралаев атындагы көчөдөгү гүлзардан өтүп баратып, анын тазалыгын, кооздугун байкайсың. Мындай жакшы иштин ээси бар. Өзүнө бөлүнүп берилген жерди тазалап, отоо чөптөрүн жулуп, гүлзарды сугарып жүргөн элүүлөрдөгү Сымбат Бараканованы көрүүгө болот.

Биздин каарман Балыкчы шаарындагы "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү" муниципалдык ишканасына 10 жылдан бери жумушчу болуп иштеп келет.

© © SputnikБалыкчы шаарындагы "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү" муниципалдык ишканасынын кызматкери Сымбат Бараканова
Сотрудница муниципального предприятия в городе Балыкчи Сымбат Бараканова - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы шаарындагы "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү" муниципалдык ишканасынын кызматкери Сымбат Бараканова

"Ишим саат сегизде башталып, кечки бештерге чукул аяктайт. Эртең менен алгач сууну бактарга, газондорго салып, бункерлерди таштандылардан бошотобуз, жол боюндагы тосмолорго жарышып чыккан чөптөрдү кырып, тазалайбыз", — деди биздин маектеш.

Ал иши ар кандай маанайда өтөрүн, кээде чоңдор деле баладан өткөн жоруктарды жасарын айтат.

Деятельность муниципального предприятия Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жерге сагыз таштабагылачы! "Тазалык" кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтын жышып чыгышты
"Кеч киргенде ушул гүлзарга отуруп арак ичкендер жок эмес. Анан бөтөлкөлөрдү, тамекинин калдыктарын ой келди ыргытышат, семичке чагып, кабыгын ар кайсы жерге ыргытат. Күндүзү, түнү болобу жөн отура албай, түкүрүнүшөт. Басып барып, ыргытпагыла деп эскертсең, түшүнгөнү түшүнөт, кээде каяша айтып, укмаксанга салгандары да бар. Албетте, көңүлүң ооруйт", — деп айтып берди Бараканова.

Шамалдуу Балыкчынын көркүнө көрк кошууга, таза кармоого тер төгүп, түйшүк тартып салымын кошуп келе жаткан бул аялдын жанынан жарандар байкабай ары-бери агылганы менен, аны сагынгандар да арбын экен.

© © SputnikСымбат Бараканова: Дүйшөмбү күнү ишке келсем, сугарган газондорум, бактарым, гүлдөрүм кайда жүрөсүң дегенсип тосуп алышат. Аларга суу жиберип, өзүмдүн тамырым жандангандай эс алып калам
Сотрудница муниципального предприятия в городе Балыкчи Сымбат Бараканова - Sputnik Кыргызстан
Сымбат Бараканова: Дүйшөмбү күнү ишке келсем, сугарган газондорум, бактарым, гүлдөрүм кайда жүрөсүң дегенсип тосуп алышат. Аларга суу жиберип, өзүмдүн тамырым жандангандай эс алып калам

"Дүйшөмбү күнү ишке келсем, сугарган газондорум, бактарым, гүлдөрүм кайда жүрөсүң дегенсип тосуп алышат. Аларга суу жиберип, өзүмдүн тамырым жандангандай эс алып калам", — деп жылмайды ал.

Ал эми бул гүлзардын жогору жагында да бир канча аялдар эмгектенишет. Мейманчылап келсеңиз же шаардын тургуну болуп ары-бери өткөндө Сымбат Бараканованын жана анын кесиптештеринин түйшүгүн түшүнүп, эмгегин сыйлай өтүңүз. Себеби алардын эмгеги, жасаганы дайыма эле көзгө уруна бербейт эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0