Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда
Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы Жылдыз Жолдошбаева коомчулукка көгүлтүр экрандын жүзү болуп таанылган. Учурда Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу болуп эмгектенет. Жолдошбаева менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова маектешти.

Адатта алып баручуулар менен маектешүүдө сулуулук, эфир, кооз кийимдер тууралуу көп кеп кылчубуз. Жылдыз айым сыймыктанган жумушу да, энелик турмушу да тууралуу суроолорго ачык жооп берди.

— Жылдыз, сиз журналист болуш үчүн атайын окуу жайдын журналистика факультетин тандаптырсыз. Азыр бул тармакта ар кошкон адистердин башы топтолгон. Кээде бармак тиштеген учурлар болобу?

— Негизи ар бир ишти адис аркалаганы оң деп ойлойм. Мени багып чоңойткон таяне-таятам дарыгер болушумду сунуштаган. Мен каалоом менен журналистиканы тандап алдым. Өкүнгөн учур деле болбойт. Бирок аманчылык болсо, билимимди башка тармактан жогорулатууну көздөйм.

— Сиздин карьераңыз кандай жумуштарда эмгектенүү менен түптөлүп келе жатат? ЭлТР каналынын диктору катары көбүрөөк таанылдыңыз окшойт?

НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин
— Башка студенттердей эле окуу менен жумушту айкалыштырдым. Мен жашаган үйдүн жанында "Азаттык" радиосунун мурдагы кеңсеси жайгашкан эле. Ошол кездеги жетекчиси Султан Жумагулов болчу, мен агай менен сүйлөшүп стажировкага бара баштадым. Ал убакта журналист Жанар Акаев, Али Токтакунов, Элиза Кененбаеванын жылдызы жанып келе жаткан учур эле. Күндөрдүн биринде тааныштарым ЭлТРге барып көрбөйсүңбү деп калышты. Мен барганда жаңылыктар бөлүмүндө Эрнис Кыязов продюсер экен. Текст жаздыртып, жаңылык окутуп командасына кабыл алды. Ошентип аракет кылып жүрүп эфирге чыктым. Кийинчерээк "Ишкер" аттуу программа менен иштеп жүрүп, берүүбүз конкурстан утуп чыгып, Америкага барып келдим. ЭлТРде беш жыл иштегенден кийин парламенттин маалымат кызматына жумушка орноштум.

— Теленин тегирменин тартууда кыйынчылыктар болдубу?

— Негизи ар бир иште жыйынтык көрсөтүү оңой эмес. Аны иштеген адам жакшы билет. Бардыгы талыкпаган эмгектин, аракеттин аркасында келет эмеспи. Окуу жайда атайын журналистикага байланыштуу сабактар өткөрүлчү. Мен ошолорго көңүл коюп үйрөнүп, практика жүзүндө ишке ашыра алдым. Жумуш үстүндө айрым техникалык каталар болчу. Маселен, бир жолу студиянын жарыгы өчүп калып, чочуганыман "мама" деп көзүмдү алайтып жибергем.

— Телевидение тармагында атаандаштык күч деп айтышат?

— Атаандаштык бар жерде өсүү бар. Бирок көралбастык менен алмаштырууга болбойт. ЭлТРде жалаң мени менен теңтуш балдар-кыздар менен иштедик. Бир нан алсак чогуу бөлүп жечүбүз. Урушсак, бат эле жарашып алчубуз. Кийин чогуу ийгиликке жеттик.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдыз Жолдошбаева: ар бир иште жыйынтык көрсөтүү оңой эмес. Аны иштеген адам жакшы билет. Бардыгы талыкпаган эмгектин, аракеттин аркасында келет эмеспи
Телеведущая, корреспондент пресс-службы Жогорку Кеңеша Жылдыз Жолдошбаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жолдошбаева: ар бир иште жыйынтык көрсөтүү оңой эмес. Аны иштеген адам жакшы билет. Бардыгы талыкпаган эмгектин, аракеттин аркасында келет эмеспи

— Мүмкүн болсо жумуш үстүндөгү кызыктуу окуялардан айта кетсеңиз?

— Таяне, таятамдын колунда чоңойгондуктан абдан эрке элем. Жаңы иштеп жүргөн кезде үч сюжетти бир күндө жасамай болдум. Анан оператор "эл бирден эле сюжет жасайт, жанталаша бересиңби, бул жакта монтаж бүтпөй жатат" деп мага орой сүйлөп койду. Ошого карабай тартмай болдук. Респондентим Ташчайнар (балбан Нурлан Алишеров — ред.) байкеге суроо берип жатсам, оператор "Жиза, дагы биртке сүйлөшүп тургулачы, кошумча видеого тартып алайын" деди. Кесиптешим башында орой сүйлөп анан жумшара түшкөнгөбү, мен ошол жерден эрэркеп ыйлап жибердим. Өзүм ал убакта бир нерсеге буулугуп жүргөн жаным, бакырып ыйлап салдым. Ташчайнар байкенин менеджери "бул кыз күйөрманыбы же аябай жакшы көрөбү" деп ойлоп калса керек. Кээ бирлер бир жери катуу ооруп кетти деп калышкандыр. Материал жасабай үйгө кетип калгам. Ошондон кийин Ташчайнар байке менен жардамчысын көргөндө уялып жүрдүм.

— Көрөрмандар үчүн кооз кийимдерди кийип чыгуу көйгөйү болду беле?

— ЭлТРде үч ай сайын өздөрү форма тиктирип беришчү. Шайырбек Абдрахманов иштеп турганда улуттук колориттеги костюмдарды кийип чыкчубуз. Кийинки жетекчилер форманын акчасын берип турушту. Ошол жактан боенуп, жасанып эфирге чыкчубуз. Андыктан форма үчүн чөнтөккө күч деле келген эмес.

— Азыркы жумушуңузда дагы форманы бекер тиктирип беришеби?

— Жок, азыр андай эмес. Бирок маянасы Кудайга шүгүр. Жашаганга жетет.

— ЭлТРден кетишиңизге эмне себеп болду?

— Олуттуу деле себептер болгон жок. Кудайга шүгүр, тажрыйба топтодум, жакшы адамдарды жолуктурдум. Жумуш алмаштырып туруу жакшы деп айтышат. Парламенттин маалымат кызматына чакыруу аркылуу келип калдым.

— Азыркы жумушуз абдан олуттуу. Андыктан сыймыктанасызбы, ишиңиз эмнеси менен жагат?

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
— Жумушум эң биринчиден жоопкерчиликти, тактыкты талап кылат. Кайсы жерде болбоюн позитивдүү маанай тартуулаган көрсөтүүлөрдү чыгаргым келет. Алсак, учурда бизде жетекчиликтин колдоосу менен "Саясаттан тышкары" деген рубрика чыгып жатат. Ал жакта эл өкүлдөрүнүн жумуштан сырткары алектенген иштери, хоббилери тууралуу кеп болот. Биз көп учурда эл өкүлдөрүн өзүбүздөн бийик коебуз. Биз тартып жаткан берүү аркылуу алардын жай турмушун элге жеткиргибиз келет.

— Журналистика ар түрдүү адамдарга бай. Сиз жолуктурган, маек алган адамдардын арасында таасир берген адамдар барбы?

— Керемет адамдарды көп кезиктирдим. Көөдөнү жарды, деңгээли төмөн адамдар өтө текебер болушат. Асмандан түшкөндөй менменсинип, адамды көзүнө илбей акылдуу боло бергендер бар. Ал эми билимдүү, маданияттуу, тарбиялуу адамдар тескерисинче сага акыл-насаат, кеп-кеңештерин айтып, билбеген нерсеңди билгизип коюшат. Мага жүрөгүндө жалыны бар, айткан сөзүнүн аркасында чындыгы бар улан-кыздар жагат.

— Түшүнүктүү. Дайыма сулуу болуп туруу деле түйшүктүү иш болсо керек. Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?

— Биринчиден, туура тамактанам. Жумуштан чыккандан кийин 30-40 мүнөттөй жөө басканды адатка айлантып алгам. Мурда бийге барчу элем, азыр менин ордума кызым барып жатат.

— Азыр социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрдөн бир айырмачылыкты байкап жатам. Байкашымча көзүңүзгө сурма жасаткан окшойсуз…

— Аны жашырбайм деле, көзүм кичинекей болгондуктан бала кезимен эле тартынып жүрчүмүн. Эки ай мурда эмгек өргүүсүндө жүргөндө жасатып алдым. Эл эфир үчүн жасатты деши мүмкүн. Бирок мен өз каалоомду аткардым. Социалдык тармактагы мурдагы сүрөттөрүмдү өчүргөм. Себеби кыз-келиндерден ар кандай пикирлер келип жатты. Элдин чордонунда болууну көп жактыра бербейм.

— Жеке турмушуңуз тууралуу айта кетсеңиз?

— 1-класста окуган кызым бар. Жолдошум менен кызым беш айлык кезинде эки жолго түшкөнбүз. Жашоодо биз күтпөгөн нерселер болот экен. Андыктан маңдайга жазганды көтөрүп келе жатабыз.

© Фото / Жылдыз ЖолдошбаеваЖылдыз Жолдошбаева: 1-класста окуган кызым бар. Жолдошум менен кызым беш айлык кезинде эки жолго түшкөнбүз. Жашоодо биз күтпөгөн нерселер болот экен. Андыктан маңдайга жазганды көтөрүп келе жатабыз
Телеведущая, корреспондент пресс-службы Жогорку Кеңеша Жылдыз Жолдошбаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жолдошбаева: 1-класста окуган кызым бар. Жолдошум менен кызым беш айлык кезинде эки жолго түшкөнбүз. Жашоодо биз күтпөгөн нерселер болот экен. Андыктан маңдайга жазганды көтөрүп келе жатабыз

— Көздүү мончок жерде калбайт дейт. Кайра турмуш курайын деген оюңуз барбы?

— Кээде өмүрүмдү кызым үчүн эле жумшасам дейм. Ата-энем кыз киши жалгыз болбошу керек деп көп айтышат. Буюрган учурда теңимди табаармын. Учурда жакын адамым деле жок. Убакытты өзүмө, мончоктой кызыма, ардактуу жумушума арнап койдум.

— Кандай мырзалар көңүлүңүзгө жакын?

— Абдан романтикмин. Азыр агрессивдүү заманда жашап жатабызбы билбейм, романтик мырзалар жок болуп кеткендей.

— Жалгыз бой эне болуу оорбу?

— Көп айымдар муну айтышпайт. Бирок чындыгында кыйын эле. Эшиктин да, үйдүн да жумушуна жоопкерсиң. Мүңкүрөп калбай, кызымды татыктуу тарбиялаганга жан үрөйм.

— Ажырашкандан кийин бала менен турмуш куруу оор деген чынбы?

— Балким. Бирок мен азыр турмушка чыгышым керек деп шашкан жокмун. Арабызда убактылуу кызыкчылыкты көздөгөн мырзалар бар. Куулугу барлар дароо эле билинет. Турмуш оңой эмес, ойлонуп чечим кабыл алыш керек деп ойлойм.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдыз Жолдошбаева: турмушка чыгып, үч баланын энеси болгум келет. Жумушума байланыштуу мультимедиа түптөөнү максат кылам. Апам — ишкер. Мен дагы бул жаатта өзүмдү сынагым келет
Телеведущая, корреспондент пресс-службы Жогорку Кеңеша Жылдыз Жолдошбаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жолдошбаева: турмушка чыгып, үч баланын энеси болгум келет. Жумушума байланыштуу мультимедиа түптөөнү максат кылам. Апам — ишкер. Мен дагы бул жаатта өзүмдү сынагым келет

— Сизди тарбиялаган үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Ата-энем — дарыгерлер. Үйдүн экинчи баласымын. Балалыгым Токтогулда, таяне, таятамдардын колунда өттү. Кийинчерээк мектепти шаардан аяктадым. Өкүнгөнүм, таятам тирүү кезинде эч нерсе кыла алган жокмун. Таенем мага бат-баттан келип турат. Мурда мен кичинекей кезде таенем шаар кыдыртып, сейилдетип, эркелетип жүрчү. Азыр мен апамдын ою менен болом. Бирок дагы деле эркемин.

— Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Турмушка чыгып, үч баланын энеси болгум келет. Жумушума байланыштуу мультимедиа түптөөнү максат кылам. Апам — ишкер. Мен дагы бул жаатта өзүмдү сынагым келет. Бирок биринчи кезекте берешендикти, тагыраагы, финансылык сабатсыздыкты жоюу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0