Дача-Су айылы. Архивдик сүрөт

Дача Су айылындагы авиакырсык: түрк компаниясы компенсацияны төлөп бүттү

389
(жаңыланган 13:33 11.10.2017)
Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Дача Су айылына түрк компаниясына таандык Boeing 747 учагы кулаган. 39 киши каза таап, 15 адам жабыркаган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Авиакырсыктан жабыркагандар жана каза болгондордун жакындарына түрк компаниясы тарабынан компенсация төлөнүп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Президент аппаратынын жетекчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүк комиссия менен ведомство аралык жумушчу тобунун жыйынтыктоочу жыйынын өткөрдү.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 кчагы Дача Су айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган.

"Абулгазиев жалпы жонунан 135 макулдашууга кол коюлганын, анын алкагында бардык жабыркагандар жана маркумдардын жакындары тиешелүү компенсация алганын айтты", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат ачык-айкын жана адилеттүү бөлүштүрүлгөнү белгиленди. Жабырлануучулардын өтүнүчү боюнча коопсуздукту сактоо максатында компенсациянын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

Кырсыктан жетим калган балдарга тиешелүү акча депозиттик эсепке салынган. Бул каражатты балдар 18 жашка толгондон тарта пайдалана алат.

389
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, авиакырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)
Тема боюнча
Дача айылында авиакырсыктан жабыркагандарга акчалай жардам таратылды
Дача айылындагы авиакырсык: жөлөк пул алуу үчүн документтер толтурулууда
Дача айылында жабыркагандарга Түркия тарап августтун аягына чейин жөлөк пул берет
Мектеп окуучу. Архивдик сүрөт

Илим менен техникага кызыгасызбы? Кыздар үчүн сынак жарыяланды

8
(жаңыланган 08:30 01.10.2020)
Сынактын жеңүүчүсү 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүнө карата алдыңкы айымдар менен өтө турган онлайн-сессияга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору айтылган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Илимге, математикага жана заманбап технологияларга кызыккан, орто мектептердин 7-11-классында, колледжде, училище жана башка окуу жайларда билим алган кыздар үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун сайтына жайгашкан маалыматта айтылган.

"Сиз 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүндө "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында алдыңкы айымдар менен өтө турган "Илимдеги кыздардын күчү" онлайн-сессиясынын катышуучуларынын бири боло аласыз. Биздин лозунг — өзүңдү башкалардын чектелүү элестетүүсү менен чектебе, — деп жазылган маалыматта.

Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот

Дискуссиянын катышуучусу болуш үчүн үч талапты аткаруу зарылдыгы айтылган. Негизгиси бир мүнөттүк видео тартуу керек:

  • сиздин илимге, математикага, технологияларга кызыгууңузду;
  • карантин маалындагы сабактарыңыз, тажрыйбаңызды;
  • илим, математика, технология тармагындагы билимди пандемия жана башка инфекцияларды токтотууда кантип пайдаланууга боло тургандыгын баяндап бериш керек;
  • өзүңүздүн чөйрөңүздө илим, математика, технология тармагындагы билимди колдонуп кандай позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо боюнча;
  • мектептеги илим тармагындагы дисциплиналарды кызыктуураак жана интерактивдүүрөөк кылуу жөнүндө идеяларыңыз менен бөлүшүңүз.

Андан соң видеону Instagram же Facebook социалдык тармагына #IDG2020 #GirlsInScience #ДевочкиВНауке #ИлимдегиКыздар хештектерин кошуп жүктөө керек. Бул — экинчи талап.

Фонд үчүнчү шарт катары коюлган посттун шилтемесин aakimjanova@unicef.org дарегине жиберүү керек экендигин билдирген. Дагы бир маанилүү учур, өтүнмөлөр 4-октябрга чейин кабыл алынат.

8
Белгилер:
билим, сынак, кыздар, Кыргызстан
Тема боюнча
Карындашыңа кайдыгер болсоң күйөөсү кордойт. Агалар кызга таянар тоо бололу
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

10191
(жаңыланган 22:40 30.09.2020)
Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Ошондой эле кызматкерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте, 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да смена боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

10191
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп