Бишкекте акчаны мыйзамсыз алмаштырган беш кишиге 500 миң сомдук айып салынды

© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANYАкча алмаштыруучу жай. Архив
Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпка жыгылган жарандар Улуттук банктан лицензия албай иштеп жатышкан

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Борбор калаада Улуттук банктан лицензия албай чет өлкөлүк валюталарды алмаштырып иштеп жүргөн беш жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Дэн Сяопин, Курманжан Датка, Тоголок Молдо, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Ош базарынын аймагында мыйзамсыз түрдө акча алмаштыруу операциясын жүргүзүп келишкен.

Алардын баарына 100 миң сомдон айып пул салынып, административдик жоопкерчиликке тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0