Бишкек менен Ошто аары, жыландан корккондор куткаруучуларды чакырышты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ ӨКМге жаныбарлардан корккон чакыруулар өлкөнүн эки аймагынан келип түшкөн

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Куткаруучулар жарандардын үйүн аары менен жыландан тазалап беришти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ Бишкектин Курган көчөсүндөгү үйдүн кожоюну там ичине сойлоп кирген жыландан коркуп куткаруу кызматын чакырган. Ал эми Оштун Кара-Суу районунда ӨКМ кызматкерлери үйдүн шыбында жайгашкан аарынын уясын жок кылып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0