Атчан адамдар. Архив

Аялдын оокатына кийлигишпейт! Эркектерге карата 6 "болбойт"

2988
(жаңыланган 09:03 13.10.2017)
Ата-энелер эркек уулдуу болсо "тукум улай турган урпак жарыкка келди" деп кубанып, чоң той өткөрүшкөн.

Бирок ошол эле учурда элдик жүрүм-турум эрежелери боюнча эркек балдарга карата да тыюулар болгон. Алардын айрымдарын этнограф Абдыкерим Муратов айтып берди.

Эркек бала байтал минбейт. Мындан сырткары, эркек балага уй минүүгө да болбойт.

Кой союу алданда бата окуу. Архив
© Sputnik / Кирилл Каллиников
Эркек бала жаздыкка отурбайт. Ошондой эле элибизде баш кийимди, баш коюлган жерди (жаздык, жууркандын башын) тебелеген да жаман болот деп айтылып жүрөт.

Эркек бала жүккө отурбайт. Анын үстүнө отурган эркек бала үйлөнгөндө келинчеги сепсиз келет деп коюшкан.

Эркек кыз баланы урбайт, теппейт. Кызды уруп-согуу маданиятсыз, намыссыз эркектин жоругу. Андыктан эркек баланын карындаш, эжелерине кол көтөрүүсү уят деп саналган.

Эркек аялдын казан-аягына кийлигишпейт, аралашпайт. Кыргыз эли "эркектин өз орду бар" деген сөзгө абдан маани берген. Ал тургай боз үйдө да эркек менен аялдын өз орду болуп, оокат, буюмдары да эки башка жайгашкан.

Итке жугундуну эркек бала куйбайт. Итке жугунду куйган бала кембагал болуп калат деген ишеним жашаган.

2988
Белгилер:
Кыргызстан, тыюу салуу, каада-салт, үрп-адат
Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)
Тема боюнча
Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"
Күйөө балага тиешелүү 5 "болбойт"
Шире. Архив

Адамды өлүмгө кептеген эртең мененки терс адаттар

15
(жаңыланган 12:45 03.08.2021)
Тамактануу жаатындагы адистер ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн эртең менен кайсы тамактардан баш тартуу керектигин санап берди.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Эртең мененки тамактанууга байланыштуу кайсы адаттар адамдын ден соолугуна чоң залака келтирерин адистердин пикирине таянып "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Таңкы азыктардан баш тартуу

Эртең мененки тамак — саламаттык үчүн өтө маанилүү процесс. Күн бою адам кандай маанайды жүрөрү дал ушул тамактанууга байланыштуу болот. Ошондой эле эртең менен наар албаган адамдарда ашыкча салмак пайда болушу толук ыктымал.

Анткени эртең менен тамактанган организм калорийлерди бат сарптайт, глюкозанын деңгээли төмөнүрөөк болот. Ошондой эле күндүн алгачкы азыктарынан баш тарткан кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн.

Колбаса

Колбасаны көпчүлүк диетологдор зыяндуу тамак деп эсептейт. Эртең менен гана эмес, башка учурларда деле күнүнө 25 граммдан ашык колбаса жеген адамда жоон ичеги рагына кабылуу тобокелдиги жогорулай турганы айтылат.

Тамакка чейинки кофе

Британиялык окумуштуулардын айтымында, тура калып кофе ичүү кандагы глюкозаны көбөйтүп жиберет. Андыктан ач карын кофе ичүү сунушталбайт.

Шире

Жер-жемиштин жаңы же кант кошулган ширесин таң атпай ичүү кант диабетинин пайда болуу тобокелдигин 16 пайызга жогорулатат. Андыктан эртең менен клетчаткага бай жемиштердин өзүн жегенден өтөрү жок.

15
Белгилер:
тамак-аш, ден соолук, азык-түлүк, зыян, пайда
Тема боюнча
Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады
Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт