ИИМ Жумакадыров каза болгон жол кырсыгынын күбөлөрүн жардам берүүгө чакырат

© Фото / © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-октябрда болгон жол кырсыгынан вице-премьер менен анын жардамчысы жана айдоочусу да каза болгон

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгына күбө болгондорду издеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыров кабылган жол кырсыгы: КамАЗдын айдоочусу эки айга камакка алынды
Эске сала кетсек, 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында вице-премьер Темир Жумакадыров кетип бараткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас КамАЗ менен кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Аны менен чогуу жардамчысы жана айдоочу дагы мерт кеткен. Ал эми КамАЗ автоунаасынын жүргүнчүсү жаракат алган.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗдын айдоочусу кармалган.

Аталган жол кырсыгына күбө болгондорду милиция 0 (555) 12-37-37, 0 (553) 29-26-26; 0 (312) 63-09-01 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0