ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 600 миң сомдук шаймандарга ээ болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия сильного ливня в городе Чолпон-Ата
Последствия сильного ливня в городе Чолпон-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы шаймандар ӨКМ кызматкерлеринин колуна тийди

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 600 миң сомдук издөө-куткаруу шаймандарына ээ болгондугун ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Бул техникаларды сатып алууга кеткен каражатты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлчүлүгү бөлгөн.

"Алынган шаймандардын ичинде жел кайык, дрон, эхолот, кыш мезгилинде кийүүчү суучул костюму, дүрбү жана куткаруу арканы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Алынган шаймандардын бардыгы ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0