Чек ара кызматы: кыргыз-казак чегиндеги өткөрүү пунктунда кезек күткөн эл жокко эсе

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация на кыргызско-казахской границе
Ситуация на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Саат 19.00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктуларында кезек күткөн эл жокко эсе. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл бекеттеринде 70-100дүн тегерегиндеги унаалар токтоп турат. Калган пунктуларда унаа агымы кыйла кыскарган.

"Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу, чек ара режими бузулган учурлар катталган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.

11-октябрда да абал өзгөргөн эмес. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн кечинде гана маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0