Памир кыргыздары Нарындын Куланак айылына отурукташат

© Фото / Зульфия ТургуноваАфганистандын Улуу жана Кичи Памирин байырлаган мекендештердин ичинен 33 киши Ата Журтуна көчүрүлүп, бүгүн Кыргызстандын босогосун аттады
Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин байырлаган мекендештердин ичинен 33 киши Ата Журтуна көчүрүлүп, бүгүн Кыргызстандын босогосун аттады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта мекендештерди тосуп алууга даярдыктар аяктады

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанга көчүрүлүп келген Памир кыргыздары Нарындын Куланак айылына жайгаштырылат. Бул тууралуу мекендештерди көчүрүп келүү маселеси боюнча облустук администрацияда өткөрүлгөн жыйында белгилүү болгон.

Шесть семей этнических кыргызов приехали в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздар Жалал-Абадга токтоп эс алышты. Сүрөттөр
Эскерте кетсек, Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин байырлаган мекендештердин ичинен 33 киши Ата Журтуна көчүрүлүп, бүгүн Кыргызстандын босогосун аттады. Жолдон Жалал-Абадга өргүп, эс алышкан.

Эми кандаштар Нарын облусуна жол тартып, Нарын шаарындагы клиникалык медициналык дарылоо борборунда он күн кароодон өтүшөт. Жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча этникалык кыргыздар Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин көп кабаттуу имаратына жайгашат.

"Ушу тапта мекендештерди тосуп алууга даярдыктар аяктады. Ар бир үй-бүлөнү муздаткычтан тарта тиричилик буюмдарына чейин камсыздоо каралган. Балдар жашаган жеринде эле билим алат", — деди маектеш.

Буга чейин вице-премьер көчүрүлүп келген кыргыздардын 11и чоң кишилер, калганы балдар экенин маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0