Бишкекте эмчек рагына карата акысыз текшерилүү боюнча акция өтөт

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маммологиялык борбор Бишкектин тургундары жана меймандары үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрөт

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбор калаада алты күн бою эмчек рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

21-октябрда дүйнөдө Эмчек рагы тууралуу кабардар болуунун күнү белгиленет.

Буга байланыштуу 16-21-октябрь күндөрү Улуттук онкология жана гемотология борборунун бейтапканасында жана Маммологиялык борбордо ачык эшик күндөрү өтөт. Кабыл алуу убактысы — 9.00дөн 14.00гө чейин.

Бул күндөрү аялдарга дартты өз алдынча аныктоо боюнча маалымат берилет. Текшерүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0