Бишкекте майып адамдарды ишкерликке үйрөткөн тренинг өтөт

Жазылуу
Тренинг 21-октябрь күнү болмокчу

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Майыптыкка карабай кантип ишкерлик кылса болорун үйрөткөн тренинг Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоочу "Адилеттүү Биримдик" уюмунун социалдык тармактардын бириндеги баракчасында айтылды.

Иш-чарада жол кырсыгынан кийин акыркы 10 жылдан бери майыптар коляскасында отурган Эрлан Асангожоев өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Учурда ал медициналык мекемелерге керектүү эмеректерди жасап, бир нече адамды жумуш менен камсыз кылууда.

Тренинг 21-октябрь күнү "Таш Рабат" соода борборунда өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0