"Ак-Жол" пунктунда кезек күткөндөрдүн саны дагы деле көп. Чек арадагы кырдаал

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСитуация на кыргызско-казахской границе
Ситуация на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Казакстанга өтүүгө кезекте 300гө чукул адам турат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү бекетинде 300гө чукул адам кезек күтүп турат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Это фиаско ребята(

Публикация от Кирилл Белев (@kirillbelev) Окт 13 2017 в 8:55 PDT

Эске салсак, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.

"Чек арадагы кырдаал өзгөргөн жок. 300гө чукул адам "Ак-Жол" өткөрүү пунктунда текшерүүдөн өтүп, эми казак чек арачылары качан өткөрөт деп күтүп жатышат. Ошондой эле 80ге чукул унаа да тыгында турат", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы азыркы абал
Ал эми "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда 240ка чукул жүк ташуучу унаа кезекте турат. "Чоң-Капка" бекетинде 50дөй адам жана 100гө жакын жеңил жана жүк ташуучу унаа, Чалдоварда 30дай адам кезек күтүүдө.

"Жеңил унааларды 40 мүнөттө текшеришсе, жүк ташуучу унааларды 40 мүнөттөн бир саатка чейин көзөмөлдөн өткөрүшүүдө. Ал эми адамдарды 15-20 мүнөт кармашууда", — деп кошумчалады Кыргызстандын чек ара кызматы.

"Ак-Тилек" жана "Ак-Жол" өткөрүү бекеттеринде кезекте турган адамдарга ысык тамак берилип, Тез жардам жана куткаруу кызматтары иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0