Улуттук Онкологиялык борбордун дарыгер-онкоурологу Акылбек Керимов

Мөндөлөк безинин рагына кабылган эркек асынып өлөм деген. Онкоуролог менен маек

3268
(жаңыланган 23:50 16.10.2017)
Мөндөлөк безинин рагы — эркектер гана кабыла турчу дарт. Коркунучтуусу, ал оорлоп кетсе толугу менен алынып салышы мүмкүн.

Улуттук Онкологиялык борбордун дарыгер-онкоурологу Акылбек Керимов менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Акылбек Дүйшөнбекович, сөзүбүз башынан болсун. Мөндөлөк безинин рагы жана анын пайда болуу себебин кененирээк айта кетсеңиз?

— Бул эркектин жыныс мүчөсүндө, тагыраагы мөндөлөктө пайда болгон шишик. Рактын башка түрлөрүнө салыштырмалуу азыраак кездешет. 14-45 жаш курактагы эркектерде көбүрөөк пайда болот. Анткени бул мезгилде эркектердин жыныстык жактан жетилип турган убагы.

Дарыгер. Архив
© Sputnik / Константин Чалабов
Оорунун себебин башка рактын түрлөрүндөй эле эч ким так аныктай элек. Бирок шишикке алып келе турган коркунучтуу факторлор бар. Биринчиден тукум куучулук. Эгер эркектин атасында болсо коркунуч азыраак, бирок бир тууган байкесинде болсо кооптонуу керек. Себеби инисинде да пайда болушу мүмкүн. Экинчи себеби — крипторхизм. Мында бала төрөлгөндө мөндөлөк бези калтасына түшпөй калат. Ошондуктан ата-энелер балдарын дарыгерге эрте алып барып, операция жолу менен түшпөй калган мөндөлөктү калыбына келтириши керек. Мындан сырткары, жыныс мүчөнүн ар кандай жаракат алышы, инфекция, чылым чегүү, арак ичүү, баңгизаттарды колдонуу жана ВИЧ оорусу дартка себепкер.

— Илдеттин клиникалык белгилери тууралуу айта кетсеңиз. Ооруну көз жаздымда калтырса кандай коркунучтар болушу ыктымал?

— Алгач мөндөлөк шишийт, чоңоет, кызарат, бирок оорутпайт. Кармалаганда колго катуу шишик урунат. Илдет оорлоду дегенде курсактын асты тартышып, жыныс мүчөлөрү ооруксунтат. Ооруга көңүл бурбай койсо очогун жаңылап отуруп, залалы ички органдарга чейин жетет. Ошондо бейтап арыктап, алы кетет. Шишиктен улам гормоналдык бузулуу болуп, эркектердин көкүрөк бездери чоңоюшу мүмкүн. Мындайча айтканда эркектин тестостерон гормону азайып, аялдын гормону басымдуулук кыла баштайт. Дартты дарылабаса жанды алып тынат. 

Врач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Керимов: дарыгерлерде союз мезгилинен бери оорулууга дарты тууралуу айтпаш керек деген нерсе калып калган

— Дарылоо жолдору тууралуу кененирээк айта кетсеңиз?

— Дарылоо жолдорунун эң негизгиси операция эсептелинет. Операцияда мөндөлөк урук чыктагыч бези менен кошо алып салынат. Эгер бейтап бир эле мөндөлөгүнөн жабыр тартса аны дарылап, балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар. Экөөнөн тең жабыркаганда, баарын алып салганга туура келет. Аягы барып тукумсуздукка кептелет. Операциядан кийин гистологиялык изилдөөгө жиберебиз. Жыйынтыгына жараша химия терапия алышат. Ич көңдөйүндө чоң бездер болсо нурга кактап дарылайбыз.

— Дарылануу кымбатпы?

— Бизде мурда онкологиялык оорулар бекер дарыланчу. Ушул жылдын 1-майынан баштап акы киргизип коюшту, башкача айтканда ооруканага акча төлөп жатышат. Бирок операция жасоо жана нур терапиясы бекер. Мындан көп акча каражатын химия терапия талап кылат. Бейтаптар дарыларды өз чөнтөгүнөн сатып алышат.

— Аялдар эмчек рагынын оор стадиясына туш келгенде төшүн алдырууга туура келет. Ошол сыяктуу эркектер дагы мөндөлөгүнөн ажырап калаарын айттыңыз. Менимче муну психологиялык жактан кабыл алуу өтө оор?

— Эми айла жок да, ары кетишет, бери кетишет. Анан интернетке кирип оору тууралуу карашат экен. Ал жакта пайдалуу да, пайдасыз да маалыматтар бар. Жанагыдай бир эле мөндөлөгү жабыр тартса "шишик жерин эле алып коебуз, калганы жарай берет, кадимкидей эле сексуалдык жашоодо өмүр сүрүп, тукум улай аласың" деп түшүндүрөбүз.

Деги эле олуттуу ооруларды бейтапка жеткирүү психологиялык жактан оор. Дарыгерлерде союз мезгилинен бери оорулууга дарты тууралуу айтпаш керек деген нерсе калып калган. Бейтаптардын туугандары да кызык, бизден "эми канча жашайт" деп сурашат. Чет мамлекетте түшүндүрүү, дарылоо жолдору ачык сүйлөшүлөт. Бизде көбүнчө туугандары келип эле "кокуй өзүнө ооз ача көрбөңүз, жакшы деп коюңуз" дешет. Негизи онкологиялык оорулар менен психологдор иштеши керек. Бизде андай жок. Бейтаптар өзүн таштап, чүнчүп, өмүрүнө кол салган учурлар болгон. Арасында түшүнүү менен кабыл алып дарыланганга аракет жасагандар бар. Ошол эле учурда бизге ишенбей элдик медициналарга кайрылгандар жок эмес. Айтаарым, дарыгердин кеңешин алуу зарыл.

— Айтканды укпай, илдетти өрчүтүп ийгендер да көппү?

— Элде дарыгерлер бейтаптардын чөнтөгүн кагып алат деген туура эмес ой бар. Ишеним артышпайт. Оорусун өтүштүрүп жибергенден кийин келишет. Айрым учурда операция жасаткандан коркушат. Эл ичинде шишикке бычак тийсе күчөп кетет деген түшүнүк бар. Аш-тойдон калбайбыз, бирок ден соолукка келгенде кайдыгербиз. 

Врач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Керимов: эгер бейтап бир эле мөндөлөгүнөн жабыр тартса аны дарылап, балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар

— Эркектер күчтүү деп көнүп калганбыз. Аргасыздан көзүнө жаш алгандар болобу?

— Жакында эле кесиптешиме бир бейтап жубайы менен келиптир. Дарыгер оорусу жөнүндө угузганда жигит жаман болуп, көзүнө жаш алган бойдон эшикке чыгып кеткен. Анан кесиптешим аялына "артынан чыгып кара, бирдеме болбосун" деп айтты. Эркектердин көбү намыстанып, көйгөйүн ичине катканга аракет кылышат. Бизге билдирбей сыртка чыгып ыйлаган учурлары көп болсо керек. Кийин туугандарынын айтымында, жип көтөрүп, кан тамырын кесип өлөм дегендер болгон. 

— Эркектен кийин аялы деле сарсанаага батса керек да?

— Бизге сүйлөшкөн кыздары менен да келишет. Диагнозун уккандан кийин мамилелери уланып-уланбай жатканына кызыкпаптырбыз. Албетте, бейтаптын өзүнөн сырткары үй-бүлөсүнө дагы катуу тиет. Аялдарына деле оор. Айрымдары жолдошун колдоп-коштоп, аягына чейин жанында жүрсө, далысын салып басып кеткендер да жок эмес.

— Окурмандарга эмне деп айтат элеңиз?

— Биринчиден ата-энелерге айтаарым, уулдуу болгондо сөзсүз түрдө мөндөлөктөрүн текшериңиздер. Мырзалар аялуу жерин сырткы жаракаттардан коргоп, жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан алыс болушуна чакырат элем. Жок дегенде жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп туруңуздар.

3268
Белгилер:
жыныс, жыныстык оору, дарыгер, рак, Акылбек Керимов
Тема боюнча
Сасык тумоо башталдыбы? Оорудан оолак болуу үчүн дарыгердин кеп-кеңеши
Эркекте гана кездешкен гемофилия. Токтобой аккан кан, тукум кууган дарт
Бишкектин күндүзгү стационарлардын бири. Архив

Мэрия: күндүзгү стационарлардан бейтаптар айыга баштады

33
(жаңыланган 14:01 10.07.2020)
Борбор калаада азыркы тапта күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар айыга баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан күндүзгү стационарда дарыланып айыккан бейтаптарды шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова жана аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев үйлөрүнө узатышкан.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

"Сасык тумоонун белгисин байкаган шаардыктар дароо күндүзгү стационарларга кайрылышкан. Алар тийиштүү медициналык жардам алып, өздөрүн жакшы сезип калышты", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия бир жумага жетпей күндүзгү стационарлар 11 миң 370 адамды кабыл алганын айтып, кезекке тургандардын саны азайып калганын кошумчалады.

Эске салсак, борбор калаада азыркы тапта күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө.

33
Белгилер:
ден соолук, күрөш, оору, бейтап, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди
COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн. доллары бөлүнгөн
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

296
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

296
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер