Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга акысыз 200 тонна көмүр таратылды

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАрхив: Уголь
Архив: Уголь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акысыз көмүр жер титирөөдөн жабыркаган жана жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө эки тоннадан таратылган

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагында жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Пресс-секретарь полпредства правительства Оша Жумамудун Сулайманкулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сулайманкулов: үйүн камсыздандырган чоң-алайлыктар 5 млн. сом алышты
Билдирмеге караганда, акысыз көмүр жер титирөөдөн жабыркаган жана жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө эки тоннадан таратылган. Жардам пермьер-министр Сапар Исаковдун Чоң-Алайга болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү бийликке берген тапшырмасынын негизинде жеткирилген.

Эскерте кетсек, май айында Чоң-Алайда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен 618 турак жай жарактан чыгып, айрымдары чатырларга көчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0