Кыргызстандыктар жаңы президентти кайсы өлкөлөрдө шайлай алат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы президентти тандоого консулдук каттоого туруп, биометрикадан өткөн жана шайлоочулардын тизмесине кирген гана кыргызстандык жарандар катыша алат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктардын жаңы президентке добуш берүүсү үчүн 11 өлкөдө шайлоо участоктору ачылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө саат 10.00гө карата шайлоочулардын 6,2 пайызы добуш берди
Маалыматка ылайык, президентти тандоого консулдук каттоого туруп, биометрикадан өткөн жана шайлоочулардын тизмесине кирген гана кыргызстандык жарандар катыша алат.

Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринде шайлоо участоктору Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө ачылды.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0