БШК: шайлоочулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно алышпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочулар
Добуш берип жаткан шайлоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткени азыркы көпчүлүк колдонгон шарик калем саптардын сыясы кечирээк кургайт

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоочулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно алышпайт. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин айрым интернет колдонуучулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно албай жатканын айтышкан.

"Шайлоочулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно алышпайт. Анткени азыркы шарик калем саптарынын сыясы кечирээк кургагандыктан, урна аны көрбөй калат. Ошондуктан атайын маркер колдонуп жатабыз. Ал бат кургап, урналар дароо эсептейт", — деди Бекматов.

Эске сала кетсек, саат 10.00гө карата алынган маалымат боюнча шайлоочулардын 6,2 пайызы добуш берди.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0