Бекматов: шайлоодо колдонулуп жаткан маркерлерди өчүрүү мүмкүн эмес

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАкция "Тотальный диктант" в Москве
Акция Тотальный диктант в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоодо колдонулуп жаткан калемдерди өчүрсө болоору тууралуу маалымат чындыкка коошпой тургандыгын айтты

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоодо колдонулуп жаткан маркерлерди өчүрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин айрым интернет колдонуучулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно албай жатканын айтышкан. Мындан сырткары, шайлоодо колдонулуп жаткан калемдерди өчүрүүгө болот деген мааниде тартылган видео тараган.

"Шайлоо учурунда колдонулуп жаткан маркерлер тендер аркылуу сатып алынган. Шайлоодо атайын маркерди колдонуу мыйзамда дагы көрсөтүлгөн. Ал эми шарик калемдердин сыясы кеч кургагандыктан автоматтык урнанын сканерин булгайт. "Маркерди өчүрүп салуу мүмкүн экен" деген маалымат чындыкка коошпойт", — деди Бекматов.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0