Ход выборов президента Кыргызстана в избирательном участке №5278 в Оше

Акыйкатчы институту: бюллетендер шайлоочулардан аз болууда

59
(жаңыланган 19:30 15.10.2017)
Акыйкатчынын өкүлдөрү учурда байкоочу катары жети облуста жана Бишкек шаарында иштеп жатышат

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Кыргызстандын президентин шайлоо процессинде бир нече кемчиликтерди таап чыгышты.

Акыйкатчынын өкүлдөрү учурда шайлоо участкаларында байкоочу катары жети облуста жана Бишкек шаарында иштеп жатышат.

Учурда алардан аппаратуранын ишинде кемчиликтер болуп жатканын айтып жатышат. Мисалы, автоматтык түрдө саноочу аппаратуралар №7115, 2112, 5318, 1164 жана 5321-чи шайлоо участкаларында бюллетендерди кабыл алган эмес.

Ош облусунун Он-Адыр аймагындагы №5321 шайлоо участогу ачылгандан бери андагы урна иштебей, ордуна запаста турганын алып келишкен. Бирок ал дагы жардам бере алган эмес. Жыйынтыгында саат 9.20да ал жерге кадимки ичи көрүнүп турган урнаны коюшту.

Ал эми № 8177 участокто бюллетендер шайлоочуларга караганда аз экени белгилүү болду. Ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо боюнча аппараттардын иши үзгүлтүккө учуроодо.

№4068 жана 7069 участкаларында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус жок экени аныкталган.

Мындан тышкары, акыйкатчынын өкүлдөрү БШКнын ишеним телефону аркылуу эч ким менен байланышуу мүмкүн болбогонун айтышты.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

59
Белгилер:
шайлоо, Акыйкатчы институту, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
Тема боюнча
Премьер-министр Сапар Исаков добуш берди. Сүрөт
Шайлдабекова: БШКнын сайтына талапкерлердин паспорту чыккан жок
БШК: төрт шайлоо участкасындагы автоматтык урна стационардыкка алмаштырылды
Бекматов: шайлоодо колдонулуп жаткан маркерлерди өчүрүү мүмкүн эмес
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

131
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

131
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

127
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

127
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео