Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде өз добушун берди.

ЖК төрагасы Турсунбеков добуш берип жатып, шайлоодон үмүтү чоң экенин айтты

47
(жаңыланган 14:49 15.10.2017)
Добуш берип жатып төрага 2011-жылдагы бийликтин кантип алмашканын эске салды

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде өз добушун берди.

Ал ошол жерде турган журналисттерге чоң үмүт менен шайлоого келгендигин айтты.

  • Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
    Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде өз добушун берди.
    © Фото / пресс-служба ЖК КР
  • Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
    Ал ошол жерде турган журналисттерге чоң үмүт менен шайлоого келгендигин айтты.
    © Фото / пресс-служба ЖК КР
  • Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
    ЖК төрагасы 2011-жылы да мыйзамдуу жол менен бийлик алмашканын айтып, бүгүнкү шайлоо да өлкөдөгү демократиялык жаңылануулардын уландысы катары бааланарын кошумчалады.
    © Фото / пресс-служба ЖК КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК КР
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде өз добушун берди.

"Кыргызстандын акылман эли алдыңкы алты жылдык келечегин өзү тандап, татыктуу талапкерди шайлап аларына ишенем. Мен бүгүн өлкөгө тынчтык жана туруктуулук тилеп, башкысы Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланса деген үмүт менен добуш бердим", – деди Турсунбеков.

ЖК төрагасы 2011-жылы да мыйзамдуу жол менен бийлик алмашканын айтып, бүгүнкү шайлоо да өлкөдөгү демократиялык жаңылануулардын уландысы катары бааланарын кошумчалады.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

47
Белгилер:
добуш берүү, президенттик шайлоо, Чыныбай Турсунбеков
Тема боюнча
Премьер-министр Сапар Исаков добуш берди. Сүрөт
Шайлоо участкалары жайгашкан Бишкектин мектеп, бала бакчалары эртең иштебейт
Акыйкатчы институту: бюллетендер шайлоочулардан аз болууда
Шайлдабекова: БШКнын сайтына талапкерлердин паспорту чыккан жок