Саат 17.00гө карата кыргызстандыктардын 40 пайызы добуш берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан шайлоочулар
Кыргызстандагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан шайлоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоодо кыргызстандыктардын 1 213 803ү добуш берип жетишти. Алардын эң активдүүлөрү Ош шаарында экени байкалууда.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кечки саат 17:00гө карата кыргызстандык шайлоочулардын 40,12 пайызы президенттик шайлоодо добуш берип жетишти. Бул туурасында БШКнын сайтында маалымдалды.

Ошентип, шайлоого 1,21 миллион адам катышты. Аймактардын ичинен эң активдүүсү Ош шаары экени байкалууда. Маалыматта Ош калаасынын ар бир экинчи жашоочусу (52,8 пайызы) саат 17:00гө чейин жарандык милдетин аткарып жетишкени айтылат.

Президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү
Талас облусунда шайлоого келгендер 45,8 пайызды түзгөн. Президенттикти тандоого активдүү катышып жаткан аймактардын үчүнчүсү — Кыргызстандын борбору Бишкек калаасы (45 пайыз).

Нарында бул көрсөткүч 43,95; ал эми Ысык-Көлдө 40,59 пайыз болгон.

Ош облусунда добуш бергендер 38,94; Баткенде 37,33 пайызды түзгөн.

БШК кечки бештерге карата добуш бергендердин ичинен карата ыкшоо болуп жаткандар Чүй (37,04) менен Жалал-Абад 36,47 болгондугун билдирди.

Президенттик шайлоонун жүрүшүн Sputnik Кыргызстан агенттиги жасап жаткан тексттик трансляциядан окусаңыздар болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0