Памирлик кыргыздар келерки жумада дарыгерлердин кароосунан өтө баштайт

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиПамирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт
Памирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайыпов памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, ден соолугун сурап, санитардык-гигиеналык шарттарын көрүп, пикир алышты

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Памирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы кабарлады.

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиПамирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт
Памирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Памирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт
© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиЖол жүрүп келген кандаштар менен жолуккан Аманбай Кайыпов алардын ал-абалын сурап, мындан ары да көрүлө турган камкордуктар тууралуу айткан
Жол жүрүп келген кандаштар менен жолуккан Аманбай Кайыпов алардын ал-абалын сурап, мындан ары да көрүлө турган камкордуктар тууралуу айткан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жол жүрүп келген кандаштар менен жолуккан Аманбай Кайыпов алардын ал-абалын сурап, мындан ары да көрүлө турган камкордуктар тууралуу айткан
© Фото / Айнура Дуйшок кызыАл памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, санитардык-гигиеналык шарттарын көрүп, пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирген.
Ал памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, санитардык-гигиеналык шарттарын көрүп, пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, санитардык-гигиеналык шарттарын көрүп, пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирген.
1/3
Памирден келген кыргыздар келерки жумадан тарта Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтө баштайт
2/3
Жол жүрүп келген кандаштар менен жолуккан Аманбай Кайыпов алардын ал-абалын сурап, мындан ары да көрүлө турган камкордуктар тууралуу айткан
3/3
Ал памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, санитардык-гигиеналык шарттарын көрүп, пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирген.

Жол жүрүп келген кандаштар менен жолуккан Аманбай Кайыпов алардын ал-абалын сурап, мындан ары да көрүлө турган камкордуктар тууралуу айткан. Ал памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, санитардык-гигиеналык шарттарын көрүп, пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирген.

"Жолдон чарчап келдиңиздер эле. Бүгүн маанайыңыздар жакшы экен. Элибиз сиздерди сурап, салам айтып жатышат. Маселеңиздер болсо тартынбай оюңуздарды ортого салып, сунуш айтыңыздар. Аткарууга даярбыз", — деди облус башчы.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Мурат Атбаевдин айтымында, Кичи жана Чоң Памирден келген кыргыздардын ден соолугу негизинен чың эле.

Переселение памирских кыргызов в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Тарыхый окуя. Ата-Журтуна келип сүйүнгөн памирлик кыргыздар сүрөттө
"Кийинки жумада медициналык текшерүүдөн толук өткөрүлүп, ар бирин дарыгерлерден түзүлгөн комиссия карап чыгат. Тамак-аш атайын түзүлгөн менюнун негизинде берилип жатат", — деген ал.

Кайыпов медициналык кароодон өткөндөн кийин балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруларын айткан.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү Афганистандагы Кичи жана Улуу Памирди жердеген 33 этникалык кыргызды билим берүү максатында Нарынга алып келип жайгаштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0