Элдик кошуундар ар кандай кырдаалга даяр турат

© Sputnik / Данияр СандыбаевПрезидентские выборы в Кыргызстане
Президентские выборы в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча тынчтыкты сактоо максатында милицияга элдик кошуундун 20 миң мүчөсү жардам берип жатат

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгынан кийин кандай гана кырдаал болбосун, ага даяр экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кошуундун лидери Тариэл Искаков айтты.

Анын айтымында, 2010-жылы түзүлгөн штаб үчүн апрель окуяларынан кийин кооптуу кырдаалдар түзүлгөн эмес.

© Sputnik / Данияр СандыбаевШайлоонун жыйынтыгынан кийин кандай гана кырдаал болбосун, ага даяр экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кошуундун лидери Тариэл Искаков айтты.
Шайлоонун жыйынтыгынан кийин кандай гана кырдаал болбосун, ага даяр экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кошуундун лидери Тариэл Искаков айтты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Шайлоонун жыйынтыгынан кийин кандай гана кырдаал болбосун, ага даяр экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кошуундун лидери Тариэл Искаков айтты.
© Sputnik / Данияр СандыбаевАнын айтымында, 2010-жылы түзүлгөн штаб үчүн апрель окуяларынан кийин кооптуу кырдаалдар түзүлгөн эмес.
Анын айтымында, 2010-жылы түзүлгөн штаб үчүн апрель окуяларынан кийин кооптуу кырдаалдар түзүлгөн эмес. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын айтымында, 2010-жылы түзүлгөн штаб үчүн апрель окуяларынан кийин кооптуу кырдаалдар түзүлгөн эмес.
1/2
Шайлоонун жыйынтыгынан кийин кандай гана кырдаал болбосун, ага даяр экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кошуундун лидери Тариэл Искаков айтты.
2/2
Анын айтымында, 2010-жылы түзүлгөн штаб үчүн апрель окуяларынан кийин кооптуу кырдаалдар түзүлгөн эмес.

"Бул жолу айрым талапкерлер кара пиар жана добушту сатып алуу менен алектенгендиктен, кырдаал курчуп кетүү коркунучу бар. Ар кандай башаламандык, хаос жана мародерлукту алдын алуу үчүн карапайым жарандардан турган кошуун түзгөнбүз. Эртең менентен баштап кечке чейин шайлоо участокторуна көз салып турдук. Азырынча бардыгы тынч", — деди ал.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция шайлоонун алгачкы жыйынтыгынан кийинки Бишкектеги абал боюнча айтып берди
Искаков кошумчалагандай, кошуунга такси кызматтарынын бири жардам берип жатат. 22 такси кызматкери стратегиялык объектилер жайгашкан көчөлөрдү кыдырып жүрүшөт.

"Бир нерсе болуп кетсе, келүүгө даяр бир нече күзөт агенттиктери бар. Бирок шаардыктардын бактысына, бардыгы тынч. Региондордо 12 тартип бузуу болду, бирок алар оңунан чечилди", — деди ал.

Ошондой эле ал региондор боюнча кошуундун 20 миң өкүлү, Бишкек боюнча беш миң адам иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0