Президенттик жарышта шайлоочулардын 56%ы добуш берди

Жазылуу
Шайлоодо 1 миллион 692 миң 423 киши добуш берди. Алдын ала жыйынтык боюнча алдыда Сооронбай Жээнбеков келе жатат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоодо шайлоочулардын 55,93 пайызы добуш берди. Бул тууралуу маалымат Боршайкомдун сайтына жарыяланды.

Алдын ала жыйынтык боюнча алдыда Сооронбай Жээнбеков келе жатат. Саат 21.45ке карата ага шайлоочулардын 54,77 пайызы добуш берди. Экинчи орунда элдин 33,78 пайыз добушун алган Өмүрбек Бабанов турат. Ал эми үчүнчү сапты 6,48 пайыз добуш менен Адахан Мадумаров ээледи.

Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0