Окумуштуулар экзамендин алдында жей турган пайдалуу мөмөнү аташты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКара моюл(черника). Архив
Кара моюл(черника). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тапшырма алаар алдында кара моюлдан жасалган суусундукту ичкен окуучулар аны 10 пайызга тез жана так аткарышкан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Экзамендин алдында балдар үчүн кара моюл (черника — ред.) жеп коюу пайдалуу. Мындай жыйынтыкка Рединг университетинин окумуштуулары келгенин РИА Новости билдирди.

Окумуштуулар атайын тажрыйба жүргүзүү максатында башталгыч класстардын балдардына атайын тапшырма берген. Анда окуучулар компьютердин экранындагы жебеге көз жүгүртүп, анын багыты боюнча баскычтары басып туруш керек эле.

Тапшырма алаар алдында кара моюлдан жасалган суусундукту ичкен окуучулар аны 10 пайызга тез жана так аткарышкан.

Кара моюлдун пайдалуу жактары буга чейин эле белгилүү болгон. Бирок окумуштуулардын иликтөөсүнөн кийин бул жемиштин натыйжалуулугу дагы бир жолу такталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0